KТМУнун Туризм факультетинде «Карьера күнү II»: тармак менен таанышкан жаштар келечекке даярданууда


  • 2026-04-04

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде Туризм факультетинин студенттерин туризм тармагынын алдыңкы өкүлдөрү менен жолугуштурган «Карьера күнү II» иш-чара өткөрүлдү. Кыргызстандын алдыңкы мейманканалары, туризм ишканалары, тамак-аш жана суусундук бренддери жана тур агенттиктери катышкан бул уюштуруу студенттердин кесиптик жолуна багыт берген маанилүү аянтча болду.

Иш-чарага КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, Туризм факультетинин деканы, профессор Нуридин Кыдыралиев, окутуучулар жана көптөгөн студенттер катышты. Мындан тышкары Abstract Restobar, Supara, Supara Chunkurchak, MayramGroup, Apple Hostel, Hyatt Regency Hotel, Novotel Hotel, Raduga+, Ak-Keme Hotel, Khan-Tengri Hotel, Kapriz Issyk-Kul, Ololo AkJol, Ololo Coworking Center, Silk Way Travel, Kyrgyz Tourism, Ruh Ordo Cholpon-Ata, Kettik.kg, KyrgyzConcept, KATOS жана Ak Sai Travel сыяктуу тармактын күчтүү өкүлдөрү да иш-чарага катышты.

Студенттердин, айрыкча милдеттүү стажировка процесстерине, ошондой эле карьералык пландоосуна түздөн-түз салым кошууну максат кылган бул иш-чара бизнес дүйнөсү менен академиянын ортосундагы өз ара байланышты чыңдады. Катышкан компаниялар сунуштаган мүмкүнчүлүктөрү жана күтүүлөрү тууралуу маалымат беришсе, студенттер да тармак өкүлдөрү менен бетме-бет жолугушуп, өздөрүн тааныштыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.


Биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев: «Туризмдеги потенциалыбызды натыйжалуу колдонушубуз керек»

КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев Кыргызстандын туризм потенциалына көңүл буруп, өлкө бүгүнкү күндө бул тармакка чоң маани берип, олуттуу түрдө көңүл буруп жатканын белгиледи.

Кыргызстандын табигый кооздуктары өтө бай экенин белгилеген Ибраев: «Өлкөбүз таза абасы, суу ресурстары, тоолору, көлдөрү, токойлору, ошондой эле Суусамыр жана Аксай сыяктуу өзгөчө жана кең жайлоолору менен чыныгы бейишке тете. Бирок бул мүмкүнчүлүктөрдү туура жана натыйжалуу пайдаланышыбыз зарыл», — деп билдирди.

Доцент Ибраев жогорку билим берүүдө эң маанилүү нерсе — теория менен практиканын айкалышы экенин баса белгилеп, студенттер окуу процессинде практикалык тажрыйбадан алыстабашы керектигин айтты. Университеттин Карьера борбору аркылуу 13 миңден ашык компания менен кызматташтык түзүлгөнүн белгилеп, бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногуна тез жана ийгиликтүү ыңгайлашуусу негизги максат экенин билдирди.

Декан, профессор Кыдыралиев: «Карьера күндөрү студенттер үчүн багыт табуу жана тармак менен жолугушуу мүмкүнчүлүгү»

КТМУнун Туризм факультетинин деканы, прфессор Кыдыралиев карьера күндөрүнүн студенттер үчүн маанисине токтолуп, мындай иш-чаралар жөн гана жолугушуу эмес, ошол эле учурда үйрөнүү жана багыт алуу процесси экенин белгиледи. Ал стажировкалар студенттерге тармактын талаптарын түздөн-түз байкап көрүүгө шарт түзүп, өз карьералык максаттарын аң-сезимдүү түрдө аныктоого жардам берерин айтты.

Тармак өкүлдөрү да өз сөздөрүндө КТМУ менен көп жылдан бери уланып келе жаткан кызматташтыкка ыраазы экендиктерин билдиришип, университеттин сапаттуу адистерди даярдоодогу ролун жогору баалашты. Алар "Манас" университетинин студенттери менен иштөө өздөрү үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, бул кызматташтык жыл өткөн сайын дагы да бекемделип жатканын билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө өткөрүлгөн бетме-бет жолугушуулар студенттерге өз карьералык жолунда конкреттүү кадамдарды жасоого мүмкүнчүлүк түздү. Катышкан компаниялар стажировка жана жумуш мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат беришсе, студенттер өз кесиптик жөндөмдөрүн түздөн-түз иш берүүчүлөргө көрсөтүүгө жетишти.

    Социалдык медиада бөлүшүү