"Манас" университетинде “Эбру өнөрү менен Кыргызстан” көргөзмөсү тартууланды


  • 2026-04-14

Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинин Маданият жана таанытуу кеңешчилиги менен Эбристан фонду биргеликте уюштурган “Эбру өнөрү менен Кыргызстан” аттуу эл аралык эбру көргөзмөсү 2026-жылдын 31-мартынан 3-апрелине чейин Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде көрөрмандарга тартууланды. Салттуу түрк эбру өнөрүн кыргыз маданий мурасы менен айкалыштырган көргөзмө чоң кызыгуу жаратып, жабылыш аземи Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Курманжан Датка атындагы көркөм сүрөт галереясында өткөрүлдү.

Иш-чарага ТКТР Бишкек өкүлү Тахир Осман Тахир, КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, профессрр Исмет Алтынташ, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинин Маданият жана таанытуу кеңешчиси Солмаз Хаберал, КТМУнун Көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Мехмет Өзкаржы, эбру сүрөтчүлөрү Хикмет Барутчугил жана Мухлиса Имамова, ошондой эле окутуучулар, студенттер жана көптөгөн искусство сүйүүчүлөр катышты.

КТМУнун биринчи проректору, доцент Алмаз Ибраев өз сөзүндө бул иш-чара өзгөчө студенттердин маданий дүйнөсүн кеңейтүүгө багытталганын белгиледи. Мындай иш-чаралардын маанилүүлүгүн баса белгилеп, көргөзмөнүн ийгиликтүү өтүшүнө тилектештигин билдирди. Ал ошондой эле көркөм өнөр аркылуу маданий баалуулуктарды эл аралык деңгээлде таанытуу үчүн бул чоң мүмкүнчүлүк экенин айтты.

Көркөм өнөр факультетинин деканы, профессор Мехмет Өзкаржы эбру өнөрүнүн терең философиялык маанисине токтолуп, аны “Ыйык өнөр” деп мүнөздөдү. Анын айтымында, эбру — бул боёктордун суунун бетинде бийлегендей кыймылы аркылуу жаралган кайталангыс сүрөт өнөрү. Ар бир эбру эмгеги уникалдуу болуп, аны кайра так ошондой кылып жаратуу мүмкүн эмес.

ЮНЕСКО тарабынан “Адамзаттын жандуу казынасы” наамына татыган эбру сүрөтчүсү Хикмет Барутчугил бул эл аралык көргөзмөгө шарт түзгөн "Манас" университетинин жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Ал эбру өнөрү көзгө гана эмес, жүрөккө да таасир эткен терең искусство экенин айтып, анын өзөгүндө руханий сулуулукту издөө жатканын белгиледи. Ошондой эле Кыргызстандагы ташка чегилген байыркы сүрөттөрдөн илхам алып, аларды эбру аркылуу жаңыча чечмелеп, маданияттар ортосунда көпүрө түзүүнү максат кылышканын айтты.

Иш-чаранын соңунда коноктор жана көрөрмандар көргөзмөнү кыдырып, эбру өнөрүнүн өзгөчө үлгүлөрү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Көргөзмөдө Хикмет Барутчугилдин Кыргызстандагы таш сүрөттөрдөн шыктанган эмгектери жана кыргыз эбру сүрөтчүсү Мухлиса Имамованын улуттук мотивдерди эбру техникасы менен айкалыштырган чыгармалары сунушталды. Салттуу түрк эбру өнөрү менен кыргыз маданий элементтерин айкалыштырган бул көргөзмө эки элдин ортосундагы көркөм байланыштын символу болуп калды.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү