КТМУнун Көркөм өнөр факультетинин Театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери Бишкекте өткөн XI Эл аралык студенттик театр фестивалында драматургия жана театр сынчылдыгы багыттарында 10 сыйлыктын 7син жеңип алып, эл аралык деңгээлде чоң ийгиликке жетишти.
2026-жылдын 18-апрелинде Бишкекте өткөн «Жаңы ысымдар» аттуу XI Эл аралык студенттик театр фестивалы жыйынтыкталды. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети жана Кыргызстан Театр ишмерлер союзу тарабынан уюштурулган фестиваль быйыл Бүбүсара Бейшеналиеванын 100 жылдыгына арналды.
Фестивалга Кыргызстан, Түркия, Россия, Өзбекстан, Казакстан жана Азербайжандан театр бөлүмдөрүнүн студенттери катышты. Бул иш-чарада Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультетинин Театралдык искусство бөлүмүнүн студенттери жогорку жетишкендиктерди көрсөтүштү.
Жаныш Кулманбетовдун жетекчилиги алдында эмгектенген студенттер «Эң мыкты драматургия» жана «Эң мыкты театр сынчылдыгы» номинацияларында күч сынашып, жалпы 7 сыйлыкка ээ болушту. Мээрим Курманбекова «Парик» аттуу чыгармасындагы аткарган ролу менен, ал эми Зулайха Акунова «Les gde poyut tsikady» аттуу эмгеги менен биринчи орунду алышты. Элнура Шабырбекова «Пигмалион» чыгармасы менен экинчи орунга татыды.
Театр сынчылдыгы багытында Сезим Жумашова «Белкин аңгемелерине бир ок» аттуу эмгеги менен биринчи орунду багындырса, Бегимай Сагалиева «Бир келип кетчи Ош тарапка» аттуу сын эмгеги менен экинчи орунду ээледи. Ошондой эле Мырзайым Термеевa «Айна» пьесасына арналган эмгеги үчүн, ал эми Айлина Жеңишбекова пьесалар жыйнагы үчүн калыстар тобунун атайын сыйлыгына татыктуу болушту.