Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Саламаттык сактоо илимдери университетинин ректору, профессор Кемалеттин Айдынга иш сапары менен барды.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки университеттин ортосунда биргелешип ишке ашырылып жаткан Медициналык факультеттин билим берүү программасы жана саламаттык сактоо тармагындагы академиялык кызматташуулар кеңири талкууланды.
Жолугушууда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Медициналык факультетинин аймактык жана эл аралык деңгээлде жогорку квалификациялуу дарыгерлерди даярдоо миссиясынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер каралды. Ошондой эле медициналык билим берүүнүн сапат стандарттарын жогорулатуу, академиялык билим жана тажрыйба алмашууну бекемдөө, саламаттык сактоо тармагындагы биргелешкен илимий долбоорлорду өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашуулар болду.