КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДАН КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ 2026–2027-ОКУУ ЖЫЛЫНА ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАР БОЮНЧА СТИПЕНДИЯЛЫК МАГИСТРАТУРА ЖАНА PHD ДОКТОРАНТУРА ПРОГРАММАЛАРЫНА СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ КОНКУРСУН ЖАРЫЯЛАЙТ


  • 2026-05-22

КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИ

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДАН КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ

2026–2027-ОКУУ ЖЫЛЫНА ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАР БОЮНЧА СТИПЕНДИЯЛЫК МАГИСТРАТУРА ЖАНА PHD ДОКТОРАНТУРА ПРОГРАММАЛАРЫНА СТУДЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ КОНКУРСУН ЖАРЫЯЛАЙТ

СЫНАКТАРДЫН ГРАФИГИ ЖАНА УБАКЫТТАРЫ
Документтерли тапшыруу дареги КТМУ ЖОЖдон кийинки билим берүү институту
Документтерди кабыл алуу мөөнөттөрү 06 – июль - 07 – август 2026-жыл
Оозэки сынак (интервью) 12 - 13 – август 2026-жыл
Оозэки сынак (интервью) өткөрүлүүчү дарек Университелер махалеси, Жогорку билим берүү боюнча кеңештин төрагалыгы, K:4, КТМУнин кеңсеси, Билкент, Чанкая, Анкара жана/же КТМУ Ч. Айтматов кампусу, Жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү институту 1-кабат, Бишкек, Кыргызстан
Kazananların İlanı 17-август 2026-ж.
Öğrenci Kesin Kayıt 27-август 2026-ж.
Derslere Kayıt Yaptırma 28-август - 01 сентябрь 2026-ж.
КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ
  • Приоритеттүү багыттар боюнча стипендиялык магистратура жана докторантура программаларына документтерди кабыл алуу, белгиленген мөөнөттө жана талап кылынган докумменттердин негизинде Институттун студенттик иштер бөлүмүнө элекрондук дарек аркылуу жүргүзүлөт. Документтерди кабыл алуу процессинде талап кылынган документтердин көчүрмөлөрү кабыл алынат. Ал эми талапкерди расмий каттоо учурунда документтердин түп нускалары же нотариалдык тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү милдеттүү түрдө тапшырылууга тийиш.
  • Талапкер Түркия Республикасынын жараны болуусу керек.
  • Жарыя жарыяланган күнгө карата талапкердин жашы магистратура программалары үчүн 26 жаштан, ал эми докторантура программалары үчүн 30 жаштан ашпоого тийиш.
  • Магистратура программалары үчүн бакалавр дипломуна ээ болуу. Докторантура программалары үчүн магистратура дипломуна же 5 жылдык жогорку билимге ээ болуу.
  • Талапкердин орточо жетишкендик көрсөткүчү магистратура үчүн 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2,5 баллдан төмөн, докторантура үчүн 4 баллдык баалоо системасы боюнча 3 баллдан төмөн болбоого тийиш).
  • Докторантура программасына тапшыруу үчүн талапкер ТР “Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору” тарабынан өткөрүлгөн же Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан өткөрүлгөн чет тили сынагынан 50 баллдан жогору баллга ээ болуусу керек (жарамдуулук мөөнөтү – 3 жыл). Ошондой эле, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар Кеңеши тарабынан бекитилген, эл аралык деңгээлде кабыл алынган чет тил сынактарынан тиешелүү баллга ээ болуусу зарыл. Чет тил боюнча эл аралык сынактардын баллы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин “чет тили сынактарынын эквиваленттүүлүк таблицасына” жараша эсептелинет.
  • ALES сынагынын сертификаты же болбосо ага эквиваленттүү GRE, GMAT сынактарынын жыйынтыгынын түп нускасы же көчүрмөсү (болсо).
  • Паспорттун же идентификациялык картанын көчүрмөсү.
  • Аскердик абалы боюнча маалымкат.
  • Арыз тапшыруу.
  • Түркия Республикасынын жана Түркия Республикасынын мамлекетинин чет өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайларынан тышкары, башка мамлекеттердин жогорку окуу жайлары тарабынан берилген дипломдун эквиваленттүүлүгү боюнча күбөлүгү.
  • Талапкер бирден көп программага арыз бере албайт.
КАТТАЛУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР
  • Талапкерелерди каттоо Жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү институтуна bilgi.lee@manas.edu.kg электрондук почта аркылуу 7-август 2026-жыл, Түркия сааты боюнча 14:30 га (Кыргызстан сааты 17:30) чейин жүргүзүлөт.
  • Документ тапшыруу үчүн арыздын үлгүсүн төмөнкү тиркемеден https://lee.manas.edu.kg/kg/form, же болбосо Институттан электрондук почтасы аркылуу алууга болот: bilgi.lee@manas.edu.kg.
  • Дипломдун көчүрмөсү же транскрипт.
  • Дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документ.
  • Тастыкталган транскрипт.
  • 3x4 өлчөмүндөгү 2 даана сүрөт.
  • Паспорттун же идентификациялык картанын көчүрмөсү.
  • ALES сынагынын сертификаты же болбосо ага эквиваленттүү GRE, GMAT сынактарынын жыйынтыгынын түп нускасы же көчүрмөсү (болсо).
  • Англис тили сертификаттарынын түп нускасы же көчүрмөсү (докторантура программасы үчүн).
  • Аскердик абалы боюнча маалымкат.
КАРАЛГАН ШАРТТАР
  1. Билим берүү акысыз. Каттоо, кабыл алуу жана билим берүүдө акы талап кылынбайт.
  2. Программага катталган магистрант жана докторанттарга кыргыз тили боюнча даярдоо программасын кошкондо, магистранттарга үч жыл бою ай сайын 735 АКШ доллары, докторанттарга үч жыл бою ай сайын 1105 АКШ доллары өлчөмүндө стипендия берилет.
  3. Бишкекке келүү үчүн бир жолу жол чыгымдары төлөнөт.
  4. Университет муктаж болгон студенттерге акызыз тамак-аш кызматын берет.
  5. Университеттин Ч. Айтматов атындагы кампусунда толук шарттар менен камсыздалган жатаканалар бар.
  6. Тил боюнча даярдоо программасында окуп жаткан студенттер негизги программадагы түрк тилинде ачылган айрым сабактарды ала алат.
МААНИЛҮҮ ЭСКЕРТҮҮЛӨР
  1. Bilgi ve destek adresi: Bişkek Cal bölgesi, KTMÜ Cengiz Aytmatov Kampüsü, Lisansüstü Eğitim Enstitüsü 1. kat, telefon: 00996 (312) 25 35 57 iç hat: 107, Elektronik posta: bilgi.lee@manas.edu.kg, WhatsApp: +996999775566.
  2. Маалымат алуу ж.б. суроолор үчүн: Бишкек шаары, Жал кичи району, Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Ч. Т. Айтматов атындагы кампус, Жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү институтунун имараты, 1-кабат, тел: 00 996 (312) 25 35 57 ички тел.:107, email: bilgi.lee@manas.edu.kg, WhatsApp: +996999775566.
  3. Толук эмес же туура эмес документтерди тапшырган талапкердин арызы жараксыз деп эсептелет.
  4. Билим берүү кыргыз жана түрк тилдеринде жүргүзүлөт. Кыргыз тилин билгендигин тастыктаган документи жок талапкерлер кыргыз тили боюнча сынакка катышат (босого балл – 67). Тилден бошотуу сынагы 2026-жылдын 2–4-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Чет тилдер жогорку мектеби тарабынан өткөрүлөт. Тил сынагынан ийгиликтүү өтө албаган талапкерлерге Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тил боюнча даярдоо курсунда окуу мүмкүнчүлүгү берилет.

СЫНАКТАРДЫ ӨТКӨРҮҮ ЫКМАЛАРЫ
Оозэки сынак (интервью): Бетме – бет өткөрүлөт.

ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙДАН КИЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУ

ПРИОРИТЕТТҮҮ БАГЫТТАР БОЮНЧА СТИПЕНДИЯЛЫК МАГИСТРАТУРА ЖАНА PHD ДОКТОРАНТУРА ПРОГРАММАЛАРЫНЫН КАБЫЛ АЛУУ ШАРТТАРЫ ЖАНА КВОТА

БИЛИМ БАГЫТЫ КВОТА ALES же эквиваленттүү сертификат ЧЕТ ТИЛ СЕРТИФИКАТЫ
(Докторантурага талапкерлер үчүн)
ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ТӨМӨНКҮ БАГЫТТАР БОЮНЧА ДИПЛОМ КЫЛЫНАТ
Магистратура Докторантура Багыты Балл
Агрономия
(Жашылча, мөмө жемиш жана талаа өсүмдүктөрү)
1 - Табигый жана так илимдер мин 55 Англис тили, Мин аз 50 балл же эквиваленттүү балл - Бакча өсүмдүктөрү, Талаа өсүмдүктөрү, Өсүмдүктөрдү коргоо багытынды бакалавр даражасына ээ болуу.
Программалык инженерия 1 - Табигый жана так илимдер мин 55 - - Программдык инженерия, Компьютердик инженерия.
Агрономия
(Өсүмдүктөрдү коргоо)
1 - Табигый жана так илимдер мин 55 - - Өсүмдүктөрдү коргоо, Бакча өсүмдүктөрү, Талаа өсүмдүктөрү, Агрардык билтехнология багыттарында бакалавр же беш жылдык билимше ээ болуу.
Биология 1 - Табигый жана так илимдер мин 55 - - Биотехнология, Биология, Биоэкология, Биология мугалими, Биоинженерлиги, Биохимия, Молекулалык биология, Генетика, Генетикалык инженерия, Биофизика.
Жаратылышты колдонуу жана экология
(экология инженерлиги)
1 1 Табигый жана так илимдер мин 55 - - Магистратура үчүн Экология инженерлиги багытында бакалавр даражасына ээ болуу.

- Докторантура үчүн Экология инженерлиги багытында магистратура даражасына ээ болуу.
Экономика 1 1 Орток жыйынтык мин 55 - - Магистратура үчүн Экономика, Финансы жана кредит багытында бакалавр даражасына ээ болуу.

- Докторантура үчүн Экономика, Финансы жана кредит багытында магистратура даражасына ээ болуу.
Журналистика - 1 Орток жыйынтык мин 55 - - Докторантура үчүн Коммуникация факультетинин (журналистика, радио жана ТВ, коомчулук менен байланыш) бүтүрүүчүлөрү.
Менеджмент 1 1 Орток жыйынтык мин 55 - - Магистратура үчүн Менеджмент, Адам булактарын башкаруу, Өнөр-жай инженерлиги, Башкаруу инженерлиги, система инженерлиги багыттарында бакалавр даражасына ээ болуу.

- Докторантура үчүн Менеджмент же менеджентке тиешелүү багыттарда магистратура даражасына ээ болуу.
Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы
(тамак-аш инженерлиги)
1 1 Табигый жана так илимдер мин 55 - - Магистратура үчүн Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы (тамак-аш инженерлиги) багыты боюнча бакалавр даражасы.

- Докторантура үчүн Коомдук тамактанууну уюштуруу жана продукциянын технологиясы (тамак-аш инженерлиги) багыты боюнча магистр даражасы.
Химиялык технология
(химия инженерлиги)
1 1 Табигый жана так илимдер мин 55 - - Магистратура үчүн Химия инженерлиги багыты боюнча бакалавр даражасы.

- Докторантура үчүн Химия инженерлиги багыты боюнча магистр даражасы.
Филология
(Тюркология)
- 1 Гуманитардык мин 55 - - Докторантура үчүн Тюркология боюнча магистр даражасына ээ болуу
Ветеринардык микробиология - 1 Табигый жана так илимдер мин 55 - - Ветеринардык факультеттин бүтүрүүчүлөрү
Туризм - 1 Орток жыйынтык мин 55 - - Туризм, Мейманкана иши, Саякат иши жана гид кызматы, Рекреация, Ресторан иши жана кулинардык өнөр багыттары боюнча магистратура даражасына ээ болуу.
Сервис
(Ресторан иши жана кулинардык өнөр)
1 - Орток жыйынтык мин 55 - - Ресторан иши жана кулинардык өнөр, Коомдук тамактанууну башкаруу боюнча бакалавр даражасына ээ болуу.
    Социалдык медиада бөлүшүү