Түркия менен Кыргызстандын достугу өнөрдө чагылдырылды: «YANKI» көргөзмөсү КТМУда искусство сүйүүчүлөр менен жолугушту


  • 2026-06-18

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультети тарабынан уюштурулган «YANKI» (TabiArt сүрөтчүлөр тобу) аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы “Манас” университетинин Курманжан датка атындагы көркөм сүрөт галереясында өттү.

Түркия жана Кыргызстандан импрессионизм багытын карманган сүрөтчүлөрдүн эмгектерин бириктирген көргөзмө эки өлкөнүн ортосундагы маданий жана көркөм байланыштын маанилүү үлгүсү болду. Ачылыш аземине Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор доктор Исмет Алтынташ жана профессор доктор Камалбек Карымшаков, окутуучулар, студенттер, сүрөтчүлөр жана көптөгөн өнөр сүйүүчүлөр катышты.

Көргөзмөгө TabiArt сүрөтчүлөр тобунун мүчөлөрү болгон Түркиядан Сабри Өзтүрк, Теймур Абалиоглу, Орхан Зафер жана Кыргызстандан Таалай Мусурманкулов, Талгат Бокоев, Арстан Дукуевдин эмгектери коюлду.

Өкем: «Кыргызстан импрессионисттик өнөрдүн рухун алып жүргөн жер»

Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем көргөзмөдөгү эмгектерге жогору баа берип, импрессионисттик ыкмада иштеген сүрөтчүлөрдү куттуктады.

Ал Кыргызстандын кайталангыс жаратылышы, бай түстөрү жана кооз көрүнүштөрү импрессионисттик өнөргө шыктануу берген сейрек аймактардын бири экенин белгилеп: "Менин оюмча, Кыргызстан өзүнүн жаратылышы, жарыгы жана өзгөчө атмосферасы менен импрессионисттик өнөрдүн рухун эң күчтүү чагылдырган өлкөлөрдүн бири. Сүрөтчүлөрүбүз да Кыргызстандын табигый сулуулугун жана байлыгын чыгармаларында кайра жандандырып, көрүүчүлөргө тартуулашкан", — деди.

Жейлан: «"Манас" университети өнөргө жана өнөр адамдарына баа берген окуу жай»

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан "Манас" университети өнөргө жана өнөр адамдарына өзгөчө маани берген билим берүү мекемеси экенин белгиледи.

Ал өнөр цивилизациялардын өнүгүшүндө өзгөчө орунду ээлей турганын айтып, Мустафа Кемал Ататүрктүн: «Баары боло аласыңар, бирок сүрөтчү боло албайсыңар!» деген сөзүн эске салды. Жейлан сүрөтчүлүк өзгөчө талантты, эстетикалык сезимди жана назик дүйнөнү талап кыларын белгиледи.

Көргөзмөдөгү эмгектерге токтолгон ректор сүрөтчүлөр Түркия менен Кыргызстандын табигый кооздуктарын, тарыхый жайларын жана бай маданий мурастарын жарык менен түстүн мүмкүнчүлүктөрүн чебер колдонуу аркылуу кенепке түшүрүшкөнүн айтты.

"Сүрөтчүлөрүбүз эки боордош өлкөнүн рухун, жаратылышын жана жашоонун ар кыл ирмемдерин өздөрүнүн өзгөчө көз карашы менен чыгармаларында ийгиликтүү чагылдыра алышкан", — деди ал.

Өнөр – маданияттарды бириктирген жалпы адамзаттык көпүрө

Сүрөтчүлөрдүн айтымында, импрессионизм багытынын негизинде жаратылыштагы жана жашоодогу улам өзгөрүп турган жарыкты, түстү жана маанайды чагылдырууга болгон умтулуу жатат.

Алардын белгилешинче, негизги максат буюмдарды ошол бойдон көчүрүп берүү эмес, белгилүү бир көз ирмемдин маанайын жана калтырган таасирин кенепке түшүрүү болуп саналат. Ошондуктан чыгармаларда жарык, түс жана сезимдин шайкештиги биринчи орунда турат.

TabiArt сүрөтчүлөр тобунун мүчөлөрү өнөр ар түрдүү маданияттарды жана адамдарды жакындаткан жалпы тил экенин белгилешип, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достук жана боордоштук байланыштар өнөр аркылуу дагы да бекемделип жатканын айтышты.

Ошондой эле алар чыгармаларын өнөр сүйүүчүлөргө тартуулоого мүмкүнчүлүк түзүп берген Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

КТМУнун Курманжан датка атындагы көркөм сүрөт галереясында өтүп жаткан «YANKI» көргөзмөсү дагы беш күн бою бардык өнөр сүйүүчүлөр үчүн ачык болот.

    Социалдык медиада бөлүшүү