Түрк дүйнөсүнүн билим көпүрөсү КТМУга эл өкүлү, профессор Күршад Зорлу иш сапар мене келди


  • 2026-06-18

Анкара шаарынын эл өкүлү, АК партиясынын төрагасынын орун басары жана Түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча төрагасы, профессор Күршад Зорлу Кыргыз-Түрк “Манас” университетине келди

Чыңгыз Айтматов кампусунун аймагындагы иштер менен таанышты

Сапардын алкагында Анкара шаарынын эл өкүлү, профессор Күршад Зорлу, Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем, ректор, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, доцент Алмаз Ибраев, университеттин жогорку жетекчилиги жана окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү менен бирге Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чыңгыз Айтматов кампусунун аймагындагы жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты.

Түрк дүйнөсүнүн орток максаттары талкууланды

Таанышуудан кийин ректор, профессор Алпаслан Жейлан Анкара шаарынын эл өкүлү, профессор Күршад Зорлуну өзүнүн иш бөлмөсүндө кабыл алды. Жолугушууда түрк мамлекеттеринин ортосундагы билим берүү, илим жана маданият тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле жаш муундардын арасында орток аң-сезимди бекемдөө маселелери талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктарын сактап, илимий кызматташтыкты бекемдеп жана келечектеги лидер муундарды тарбиялаган алдыңкы жогорку окуу жай катары аткарып жаткан миссиясы тууралуу пикир алмашуу болду.

КТМУ түрк дүйнөсүнүн орток келечегине салым кошууда

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан университет түзүлгөн күндөн тартып Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы боордоштук байланыштарды бекемдеген маанилүү көпүрө болуп келе жатканын белгиледи. Ал КТМУ эки өлкөнүн гана эмес, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн орток билим берүү жана илим борбору болуу максаты менен ишмердүүлүгүн улантып жатканын айтты.

Ошондой эле, бүгүнкү күндө университет ар кыл түрк республикаларынан жана тектеш элдерден келген студенттерди бир чатырдын алдында бириктирип, орток тарых, маданият жана келечек тууралуу түшүнүктүн бекемделишине салым кошуп жатканын баса белгиледи.

Күршад Зорлу: Билим берүү – түрк дүйнөсүндөгү достук менен боордоштуктун негизи

Анкара шаарынын эл өкүлү, профессор Күршад Зорлу билим берүү тармагындагы биргелешкен аракеттер түрк дүйнөсүндөгү достук жана боордоштук көпүрөлөрүн бекемдей турганын белгиледи. Ал мындай ынтымак түрк дүйнөсүнүн орток келечеги үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.

    Социалдык медиада бөлүшүү