Кыргыз Республикасынын Курулуш министри Нурдан Орунтаев КТМУга иш сапары менен келди


  • 2026-06-22

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Кыргыз-Түрк “Манас” университетине (КТМУ) иш сапары менен келип, ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев менен жолугушту.


Жолугушуунун алкагында ректор, профессор Алпаслан Жейлан министр Нурдан Орунтаевдин университетке болгон өзгөчө көңүл буруусуна ыраазычылык билдирип, бул сапар мекемелер ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого олуттуу салым кошорун белгиледи. Ал ошондой эле министрге КТМУнун ишмердүүлүгүнө көрсөткөн колдоосу жана иш сапары үчүн ыраазычылыгын айтты.

    Социалдык медиада бөлүшүү