Dijitalpark Технопаркынын башкы директору, профессор Тахсин Энгин баштаган делегация Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолукту.
Жолугушууга КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен катар проректор, профессор Камалбек Карымшаков да катышты.
Жолугушууда Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Dijitalpark Технопаркынын ортосунда ишке ашырылышы мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлор, илимий-изилдөө жана өнүктүрүү иштери, инновациялык багыттагы долбоорлор жана ишкердик тармагындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, бул багыттар боюнча пикир алмашуу болду.