Түркия Республикасынын Айлана-чөйрө, шаар куруу жана климаттын өзгөрүшү министрлигине караштуу Турак жай куруу башкармалыгынын (TOKİ) өкүлдөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетине (КТМУ) иш сапары менен келишти.
Сапардын жүрүшүндө TOKİнин өкүлдөрү университеттин кампусунда жүргүзүлүп жаткан инфраструктуралык, үстүңкү курулуш жана айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү иштерин жеринен көрүп чыгып, жооптуу кызматкерлерден маалымат алышты.
Ошондой эле кампусту мындан ары өнүктүрүүгө багытталган жаңы курулуш долбоорлору боюнча пикир алышуу жүргүзүлүп, ар тараптуу баалоолор жасалды.