MANAS-ÖSYS 2026 рекорддук катышуу жана үлгүлүү уюштуруу менен ийгиликтүү жыйынтыкталды


  • 2026-07-06

Кыргыз-Түрк “Манас” университети (КТМУ) Борбордук Азиядагы жогорку окуу жайларына кабыл алуу боюнча эң ири сынактардын бири болгон MANAS-ÖSYS 2026 сынагын ийгиликтүү өткөрдү. Университеттин академиялык сапатына болгон ишенимдин айкын көрсөткүчү катары сынакка Кыргызстандын бардык аймактарынан 17 миң 322 абитуриент тапшырды. Быйыл болжол менен 1 300 абитуриент окууга кабыл алынат. Бул көрсөткүч университеттин сапаттуу билим берүү системасына болгон кызыгуу жана ишеним жыл сайын өсүп жатканын дагы бир жолу тастыктады.

Эки отурумда өткөрүлгөн сынактын биринчи отурумуна 11 миң 230, экинчи отурумуна 6 миң 92 абитуриент катышып, “Манас” университетинин студенти болуу үчүн күч сынашты. Сынактын бардык баскычтары алдын ала кылдат пландалган уюштуруу иштеринин негизинде жүргүзүлүп, талапкерлердин бирдей шарттарда сынак тапшыруусу толук камсыздалды.

18 сынак имараты, 369 аудитория, 902 кызматкер

MANAS-ÖSYS 2026 сынагы Кыргыз-Түрк “Манас” университетине таандык 11, «Маариф» билим берүү мекемелерине караштуу 5 жана Манас түрк мектептерине тиешелүү 2 имаратта, жалпысынан 18 сынак имаратында өткөрүлдү. Жалпы 369 аудиторияда өткөрүлгөн сынактын уюштурулушуна 902 академиялык, административдик жана көмөкчү кызматкер тартылды. Коопсуздук, өздүгүн тастыктоо, аудиторияларды уюштуруу жана сынакты өткөрүү процесстери эң жогорку стандарттарга ылайык жүргүзүлүп, уюштуруу иштеринде эч кандай мүчүлүштүк катталган жок.

Ректор Жейлан: «Жыл сайын өсүп жаткан ишеним — Манастын кадыр-баркынын эң күчтүү көрсөткүчү»

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан белгилегендей, MANAS-ÖSYS жөн гана студенттерди кабыл алуу сынагы эмес, ошондой эле мүмкүнчүлүктөрдүн теңдигинин, академиялык татыктуулуктун жана ачык-айкындуулуктун эң маанилүү көрсөткүчү болуп саналат. Ректор жыл сайын көбөйүп жаткан арыздардын саны жаштардын “Манас” университетине болгон ишенимин айкын далилдеп жатканын белгилеп, мындай деди: «Ар бир талапкер сынакка бирдей шарттарда катышат жана жыйынтык толугу менен билимине жана жөндөмүнө жараша аныкталат. Биз көп жылдан бери ушул принциптерден тайбай, талапкерлердин укуктарына шек келтире турган эч кандай аракеттерге жол бербестен, сынактарды коопсуз, ачык-айкын жана адилеттүү шарттарда өткөрүп келебиз. Жыл сайын катышуучулардын санынын өсүшү “Манас” университетинин билим берүү тармагындагы жогорку кадыр-баркынын эң айкын көрсөткүчү болуп саналат.»

«Манастын эң чоң күчү — институционалдык ынтымак жана биримдик»

Ректор Жейлан сынактын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон бардык академиялык жана административдик кызматкерлерге ыраазычылык билдирип, өзгөчө MANAS-ÖSYS сынагын уюштуруу комиссиясынын жана уюштуруу иштерине катышкан бардык кызматкерлердин берилгендик менен эмгектенип, үлгүлүү командалык иш алып барышканын белгиледи. Ошондой эле сынак күнү балдарын кампуста чыдамсыздык менен күтүп турган ата-энелерге ыраазычылык билдирип, алардын университетке болгон ишеними өздөрү үчүн эң чоң жоопкерчилик экенин айтты.

Колдоо көрсөткөн мекемелерге ыраазычылык

MANAS-ÖSYS 2026 сынагынын ийгиликтүү өткөрүлүшүнө бир катар билим берүү мекемелери жана өнөктөш уюмдар олуттуу салым кошушту. Ректор Жейлан сынакты өткөрүү үчүн имараттарды пайдаланууга берип, адам ресурстары менен колдоо көрсөткөн «Маариф» мектептерине, ошондой эле Ала-Тоо университетине, Ала-Тоо медицина факультетине, Сейтек башталгыч мектебине, Кембридж мектебине, Борбордук Маариф мектебине, ошондой эле Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчилигине караштуу түрк мектептерине ыраазычылык билдирип, билим берүү жаатындагы мындай кызматташтык жаштардын келечегине кошулган жалпы инвестициянын мыкты үлгүсү экенин баса белгиледи.

Университеттин жетекчилиги абитуриент менен жолугушту

Сынак күнү ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев сынак өткөрүлгөн жайларды кыдырып, абитуриенттер жана алардын ата-энелери менен жолугушту. Университеттин жетекчилиги уюштуруу иштерине жеринде көз салып, жооптуу кызматкерлерден маалымат алып, талапкерлерге ийгилик каалап, сынактын коопсуз жана тартиптүү өтүшүн жакындан таанышты. Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев “Манас” университети Кыргызстандын эң мыкты бүтүрүүчүлөрү тандаган жогорку окуу жайлардын бири экенин белгилеп, университеттин эл аралык стандарттарга жооп берген билим берүү системасы жана студенттерге түзүлгөн кеңири мүмкүнчүлүктөр бул кызыгуунун жылдан жылга өсүшүнө өбөлгө болуп жатканын айтты.

Манаска даярдыкмектеп жылдарынан башталат

Абитуриенттер “Манас» университетинин студенти болууну максат кылып, мектепте окуган жылдарынан тартып эле бул сынакка даярданышканын жана “Манас» алардын ийгиликтүү келечегине жол ачарына ишенишерин билдиришти. Алар “Манас” университетин жогорку билим сапаты, кеңири мүмкүнчүлүктөрү жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы достук көпүрөсү катары жакшы билишерин айтышты. Ата-энелер болсо Манасты аяктаган балдары өз өлкөсүнүн өнүгүшүнө да чоң салым кошоруна ишеним билдиришти.

Жыйынтыктар 7-июлда жарыяланат

MANAS-ÖSYS 2026 сынагынын жыйынтыктары 2026-жылдын 7-июлунда жарыяланат. Баалоо процесси заманбап оптикалык окуу системалары жана көп баскычтуу текшерүү механизмдери аркылуу жүргүзүлөт. Абитуриенттер өз жыйынтыктарын университеттин электрондук кабыл алуу системалары аркылуу www.manas.edu.kg жана exams.manas.edu.kg сайттарынан көрө алышат.

    Социалдык медиада бөлүшүү