Мындан 20 жыл мурун Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Инженердик факультетинин Компьютердик инженерия бөлүмүн аяктаган Гүлден Демир өзү билим алган университетине кайрадан келип кетти.
Окууну аяктагандан кийин Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министрлигине информатика мугалими болуп дайындалганын айткан Гүлден Демир «Манас» университетинен алган билими кесиптик жолунда өзгөчө маанилүү орунду ээлегенин белгиледи.
«Биз бул жерде абдан сапаттуу билим алдык. “Манас” университетин тандай турган бардык абитуриенттерге ишенимдүү түрдө сунуштай алам», — деген Гүлден Демир 20 жылдан кийин кайрадан кампуста жүргөнүнө кубанычта экенин билдирди. Ал университеттин өнүгүүсү жана өзгөрүүсү өзүнө чоң таасир калтырганын белгилеп, бүгүнкү күндө «Манастын» жетишкен деңгээлин өз көзү менен көрүү өзү үчүн чоң сыймык жана кубаныч экенин айтты.
Ректор, профессор Алпаслан Жейлан: «Бүтүрүүчүлөрүбүз — “Манас” үй-бүлөсүнүн эң баалуу өкүлдөрү»
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан бүтүрүүчүлөрдүн университет менен байланышын үзбөй сактап келиши өзгөчө мааниге ээ экенин белгилеп, алардын окуу жайдын академиялык жана институционалдык өнүгүүсүндө маанилүү орунду ээлей турганын айтты.
Профессор Алпаслан Жейлан: «Университеттердин эң чоң байлыгы — алардын бүтүрүүчүлөрү. Бүтүрүүчүлөрүбүздүн ар кыл тармактарда ийгиликтүү эмгектенип жатышы университетибиздеги билим берүүнүн сапатынын жана академиялык потенциалынын айкын көрсөткүчү болуп саналат. Университетибиз студенттерине билим гана берген окуу жай эмес, бүтүрүүчүлөрү менен бирге өсүп-өнүгүп, келечекке ишенимдүү кадам таштаган чоң үй-бүлө», — деп белгиледи.