15-июль – Демократия жана улуттук биримдик күнү «Манас» университетинде эскерилди


  • 2026-07-16

2026-жылдын 15-июлунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректоратынын жыйындар залында «15-июль – Демократия жана улуттук биримдик күнү» эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Эскерүү программасы ректораттын фойесинде уюштурулган «15-июль: Эс тутум, каршылык жана демократия» аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышы менен башталып, андан соң ректораттын жыйындар залында улантылды.

Иш-чарага Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси док. Мекин Мустафа Кемал Өкем, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, Азербайжан Республикасынын Бишкектеги Элчилигинин кеңешчиси Зүлфугар Танарверди, элчиликтин кеңешчилери жана кызматкерлери, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, Достук ооруканасынын башкы дарыгери жана өкүлдөрү, Түркия Маариф фондунун, Түрк Кызыл Ай коомунун жана Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (TИКА) өкүлдөрү, ошондой эле университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана административдик кызматкерлери катышты.

Эскерүү программасынын алкагында 15-июль окуяларында курман болгон шейиттерди эскерип бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланып, эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аткарылды. Программа 15-июль шейиттердин жана бардык шейиттерге арналып окулган Куран менен башталып, андан соң Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын Коммуникация башкармалыгы тарабынан даярдалган 15-июлдагы чыккынчылык аракетти баяндаган даректүү тасманын көрсөтүлүшү менен уланды.

Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси док. Мекин Мустафа Кемал Өкем 15-июль – Демократия жана улуттук биримдик күнүнө карата сүйлөгөн сөзүндө түрк элинин демократияга, көз карандысыздыкка жана улуттук эркине болгон бекемдигин баса белгиледи. Ал 2016-жылдын 15-июлуна караган түнү террордук уюмдун мүчөлөрү Түркиянын куралдуу күчтөрүнө алдын ала жайгаштырылган тарапкерлери аркылуу демократиялык жол менен шайланган өкмөттү, конституциялык түзүлүштү жана элдин эркин бутага алган чыккынчылык мамлекеттик төңкөрүш аракетин жасаганын айтты. Ошондой эле ошол түнү Түркия Улуу Улуттук Жыйыны, мамлекеттик мекемелер, коопсуздук күчтөрү жана карапайым жарандар түздөн-түз бутага алынганын белгиледи.

Элчи Өкем төңкөрүш аракетинин жүрүшүндө 253 жаран шейит болуп, 2 миңден ашуун адам жаракат алганын эске салып: «Шейиттерибизди терең урматтоо жана ыраазычылык менен эскерип, баатыр ардагерлерибизге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз», – деди. Элчи Өкем түрк эли Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги алдында биримдикте төңкөрүшчүлөргө каршы чечкиндүү туруштук бергенин белгилеп, 15-июль ийгиликсиз аяктаган төңкөрүш аракети гана эмес, ошол эле учурда улуттук эрктин жеңишке жеткен улуу демократиялык жеңиши болгонун баса белгиледи.

Ал террордук уюмдар көп жылдар бою билим берүү, жарандык коом, жалпыга маалымдоо каражаттары жана соода сыяктуу тармактардын көрүнүшү алдында жашырынып келген террордук уюм экенин айтып, жаштарды жана билим берүү мекемелерин кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик түзүмдөргө сиңүүгө аракет кылганын белгиледи. Билим берүүнүн маанисине өзгөчө токтолгон Өкем билим берүү адамдарды чындыкты жалгандан айырмалай билген, акылын жана абийирин эркин колдонгон, өз өлкөсү жана жалпы адамзат алдындагы жоопкерчилигин сезген инсан катары тарбиялоого тийиш экенин айтты. Өкем Кыргыз-Түрк «Манас» университети орток тарыхтын, маданияттын, тилдин жана келечекке болгон жалпы көз караштын символу экенин белгилеп, университеттин эл аралык рейтингдерде жетишкен ийгиликтери сыймыктанууга арзый турганын айтты. Ошондой эле бул жетишкендиктерге салым кошкон профессордук-окутуучулук курамды, административдик кызматкерлерди жана студенттерди куттуктады.

Өкем ошондой эле Түркия 15-июлдан кийин террордук уюмдар менен күрөштү укуктук мамлекеттин принциптеринин негизинде чечкиндүүлүк менен улантып жатканын белгилеп, бул күрөш Түркиянын коопсуздугу үчүн гана эмес, аталган уюм ишмердүүлүк жүргүзгөн бардык өлкөлөрдүн коомдук тартиби жана мамлекеттик институттарынын коопсуздугу үчүн да өзгөчө мааниге ээ экенин баса көрсөттү.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө 15-июль – Демократия жана улуттук биримдик күнү түрк элинин эркин, мекенге болгон сүйүүсүн жана демократияга берилгендигин бүткүл дүйнөгө көрсөткөн тарыхый бурулуш учур экенин белгиледи.

Ректор Жейлан 15-июль түнүндө Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын элге жасаган «Башыңарды эч качан ийбегиле!» деген чакырыгы эл тарабынан кеңири колдоо тапканын айтып, эл бул чакырыкка чечкиндүүлүк жана кайраттуулук менен жооп бергенин белгиледи. «Башын ийбеген 253 баатырыбыз шейит болду. Шейиттерибизге Жараткандан ырайым тилейм. Шейиттер өлбөйт, мекен бөлүнбөйт. Албетте, бул түрк эли жазган баатырдык дастан. Бул дастанды жазгандарга түбөлүк карыздарбыз жана терең ыраазычылык билдиребиз», – деди.

Профессор Жейлан 15-июль түрк элинин демократияга жана улуттук эркке болгон бекемдигин далилдеген тарыхый бурулуш учур болгонун белгилеп: «Элибиз мамлекетин жана демократиялык эркин коргоп, тарыхый позицияны көрсөттү. Коопсуздук күчтөрүнүн жан аябас эмгеги, мамлекеттик мекемелердин мыйзамдын алкагындагы чечкиндүү аракеттери жана жарандарыбыздын бирдиктүү эрки демократия тарыхында унутулгус тилектештиктин үлгүсүн көрсөттү. Ошентип, Түркия Республикасы демократиялык укуктук мамлекетке берилгендигин жана улуттук эгемендүүлүк принциптеринен эч качан баш тартпай турганын бүткүл дүйнөгө ачык көрсөттү», – деди.

Президент Эрдогандын «Ар бир караңгы түндүн артынан сөзсүз таң атат» деген сөздөрүн эске салган Жейлан, 15-июлдан кийинки таң Түркия үчүн жарык келечектин символуна айланганын айтты. Ал ошол түнү мекенди, элди жана демократияны бутага алган кара күчтөр элдин эркинин алдында жеңилүүгө дуушар болгонун белгилеп, бул жеңиштин негизинде Түркия Республикасынын кылымдарды карыткан мамлекеттик салты жана терең тарыхый мурасы жатканын баса белгиледи. Профессор Жейлан 15-июль өткөн тарыхый окуя катары гана эмес, келечек муундарга сөзсүз жеткирилиши керек болгон маанилүү сабак катары бааланышы зарыл экенин айтып: «Бүгүнкү күндө биздин милдет – 15-июлду элдин эсинде сактоо менен гана чектелбестен, ошол түн берген сабактарды кийинки муундарга туура жеткирүү. Анткени демократия күчтүү институттар, мыйзамдын үстөмдүгүнө болгон ишеним жана жалпы баалуулуктарды коргой алган аң-сезимдүү коом аркылуу гана жашап, өнүгөт», – деди.

Түрк эли ар дайым кыраакы болушу керектигин баса белгилеген Жейлан: «Ата-бабаларыбыз айткандай: “Суу укташы мүмкүн, бирок душман уктабайт”. Террордук уюмдарга каршы жүргүзүлүп жаткан операциялар коркунучтар дагы деле уланып жатканын көрсөтүүдө. Ошондуктан биз дайыма кыраакы болуп, душмандын тузактарын, кара ниет ойлорун жана алардын өнөктөштүгүн туура баалап, мамлекетибиздин жана демократиябыздын жанында бекем турушубуз керек», – деди.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун маанилүү символу экенин белгилеген Жейлан: «Кыргыз-Түрк “Манас” университети эки боордош мамлекеттин орток көз карашы жана күчтүү саясий эрки менен түптөлгөн өзгөчө жогорку билим берүү модели болуп саналат. Университетибиз Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун, өз ара ишенимдин жана стратегиялык өнөктөштүктүн институционалдык символдорунун бири болуп калды», – деп белгиледи.

Сөзүнүн соңунда профессор Алпаслан Жейлан 15-июль жеңиш күнү экенин баса белгилеп: «Бул жеңишти бизге тартуулаган бардык баатыр шейиттерибизге жана ардагерлерибизге терең ыраазычылык билдирем. Эрк биздики, жеңиш биздики», – деп сөзүн жыйынтыктады.

Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: «Бүгүн биз Түркиянын тарыхындагы эң маанилүү окуялардын бирин эскерүү үчүн чогулдук. Андан бери он жыл өтсө да, Түркия Республикасына каршы жасалган бул чыккынчылык эч качан унутулбайт. Оор жоготууларга карабастан, түрк элинин биримдиги жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын чечкиндүү жана ыкчам аракеттеринин аркасында бул кара ниет аракет өз максатына жете алган жок. Жараткандан тилегибиз – мындай окуя мындан ары эч качан кайталанбасын. Шейиттерибизди ар дайым дуба менен эскерип, алардын жаркын элесин түбөлүк сакташыбыз керек. Ошондой эле боордош мамлекеттерибиздин ар дайым өсүп-өнүгүшүн каалайбыз.»

Ачылыш сөздөрүнөн кийин Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетинин Педагогика бөлүмүнүн башчысы, профессор Южел Өксүз «Тынч ынандыруу, көрүнбөгөн манипуляция: 15-июлдун психологиялык жана билим берүү анатомиясы» аттуу баяндама жасады. Конференцияда 15-июль окуясынын психологиялык жана билим берүү жаатындагы таасирлери көп кырдуу көз караштан талданды.

Профессор Өксүз 15-июль бир түндүн ичинде күтүүсүз пайда болгон окуя эмес экенин, тескерисинче, көп жылдарга созулган ынандыруу жана таасир этүү процесстеринин натыйжасы катары каралышы керектигин белгиледи.

Ал бүгүнкү күндө коопсуздук физикалык чөйрө менен гана чектелбестен, адамдын аң-сезимин коргоону да камтый турганын айтып, бул процессте билим берүү эң негизги коргоочу факторлордун бири экенин баса белгиледи. Профессор Өксүздүн айтымында, манипуляция процесстери ишеним, таандыктык сезими, изоляциялоо, маалыматты көзөмөлдөө жана шарттуу баш ийдирүү механизмдери аркылуу ишке ашат. Дал ушул факторлор деструктивдүү культтук түзүмдөрдүн калыптанышында маанилүү роль ойнойт. Ошондой эле ал коомдун туруктуулугун бекемдөөдө сынчыл ой жүгүртүү жөндөмүнүн жана психологиялык туруктуулуктун маанисине токтолду. «Билим берүү – бул жөн гана кесипке үйрөткөн окуу программаларынын жыйындысы эмес. Ал – улуттун аң-сезимдик коопсуздугун жана психологиялык туруктуулукту калыптандыруучу стратегиялык коргонуу калканы. Коомдук коопсуздукту камсыз кылууда аң-сезимдүү, сынчыл ой жүгүртө алган инсандарды тарбиялоо өзгөчө мааниге ээ», – деди профессор Өксүз.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар жалпы сүрөткө түшүп, эскерүү программасы жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү