Венгриянын Бач-Кишкун аймагындагы Бугач шаарчасында хун жана түрк тектүү коомдордун маданий байланыштарын бириктирген IX Улуу Хун-Түрк Курултайы миңдеген адамдардын катышуусунда өткөрүлдү. Венгриянын Туран фонду тарабынан уюштурулуп, Бугач муниципалитети менен биргеликте өткөрүлгөн иш-чаранын ачылыш аземин Венгриянын Туран фондунун төрагасы Андраш Биро жана Бугач шаарынын мэри Ласло Сабо өткөрүштү.
Европадагы эң ири көчмөн маданият фестивалы катары таанылган иш-чарага түрк тектүү жана боордош 27ден ашык коомдун өкүлдөрү чогулду. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан да курултайга катышып, өз сөзүндө түрк дүйнөсүнүн жалпы тарыхка, рухка жана келечекке ээ экенин баса белгиледи. Ректор Жейлан "Манас" университети түрк дүйнөсү үчүн жалпы акыл-эс, илим жана билим берүүнүн очогу экенин белгилеп, мындай эл аралык жолугушууларды өткөрүү жана байыркы салттарды жаш муундарга жеткирүү түрк тектүү элдердин ортосундагы бир туугандык жана академиялык кызматташтык байланыштарын мындан ары да бекемдей турганын айтты.
Бугач аймагында тигилген ири көчмөн боз үйлөрдө жана Аттила чатырында жалпы тарыхка арналган көргөзмөлөр ачылып, салттуу атчан аскер бөлүктөрүнүн жүрүштөрү, жаа атуу өнөрүнүн көрсөтмөлөрү жана «Манас» эпосунун сахналаштырылган оюндар катышуучуларга өзгөчө маанай тартуулады.
Иш-чаранын алкагында Түркия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен катар бардык түрк мамлекеттеринин желектерин көтөргөн атчан жоокерлер соот жана салттуу кийимдери менен салтанаттуу аскердик жана атчан жүрүш параддарын өткөрүштү. Жөө жана атчан жаачылардын катышуусунда масштабдуу жаа атуу көрсөтмөсү уюштурулуп, маданияттын ажырагыс бөлүгү болгон ат үстүндөгү согуш оюндарынан тышкары, ат чабыштар жана салттуу күрөш мелдештери өткөрүлдү.
Көчмөн кыргыз жашоо образы жанданган боз үйлөрдө, түрк дүйнөсүнүн эпикалык мурасы болгон «Манас» эпосу атайын сахналык көрсөтүүлөр аркылуу тартууланды. Ошондой эле символдук көчмөн үйлөнүү тою көрсөтүлдү. Иш-чаранын негизги символу болгон Аттила Ордосунда хундардын, түрктөрдүн жана венгрлердин тарыхый казыналары коюлган көргөзмөлөр уюштурулуп, кол өнөрчүлүк буюмдары коюлган жарманкелер ачылды. Элдик бийлер жана акын-ырчылардын концерттери менен майрамдык маанай уланды. Мелдештерде байгелүү орундарга ээ болгондорго сыйлыктар тапшырылды жана салттуу ыйык от жагуу аземи менен жыйынтыкталды.