Ректор Жейлан Будапешттеги Түрк Маариф мектебине барды


  • 2026-08-20

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Мажарстандын борбору Будапешт шаарында жайгашкан Түрк Маариф мектебине барды.

Сапардын алкагында Будапешт Түрк Маариф мектебинин директору Эмрах Катранжы менен жолуккан профессор Алпаслан Жейлан эки мекеменин ортосундагы мамилелерди чыңдоого багытталган кадамдарды талкуулады. Жолугушууда билим берүү тармагындагы биргелешкен долбоорлордун өнүктүрүү, келечекке багытталган туруктуу жана институционалдык кызматташтыкты ишке ашыруу маселелери каралды. Ошондой эле Мажарстандагы окуучуларга Кыргыз-Түрк "Манас" университетин тандоого багыт берүүчү кеңеш берүү кызматтарын көрсөтүү, студенттер менен түздөн-түз баарлашып, алардын билим алуу процесси жана кесиптик келечегин пландаштыруу боюнча пикирлер жана сунуштар айтылды.

    Социалдык медиада бөлүшүү