VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында көк бөрү калыстары КТМУда билимин жогорулатууда


  • 2026-08-30

Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү алкагында ар кайсы өлкөлөрдөн келген көк бөрү калыстарынын башын бириктирди. КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борбору менен Улуттук көк бөрү федерациясы жана Эл аралык көк бөрү федерациясынын кызматташуусунда уюштурулган «Көк бөрү оюну боюнча калыстарын даярдоо» семинары калыстардын билими жогорулатуу, практикада бирдиктүү стандарттарды киргизүү жана көк бөрүнүн эл аралык деңгээлдеги келечегине салымын кошууга максатталган.

Кыргыз-Түрк «Манас» университети түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү болгон каада-салт оюндарын сактап калуу, аларды илимий негизде изилдөө жана эл аралык деңгээлде өнүктүрүү багытындагы иштерин ырааттуу улантып келет.

Ушул алкакта КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борбору, Улуттук көк бөрү федерациясы жана Эл аралык көк бөрү федерациясынын өнөктөштүгүндө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын утурлай «Көк бөрү оюну боюнча калыстарды даярдоо» семинары болуп өттү. 2026-жылдын 29-августунан 5-сентябрына чейин созулуп, жалпысынан 86 саатка пландалган окутуу программасынын биринчи күнү КТМУда өттү.

Ар кайсы өлкөлөрдөн келген калыстар КТМУда жолугушту

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында калыстардын кесиптик билими менен көндүмдөрүн жаңылоону көздөгөн бул программага Кыргызстандан сырткары Өзбекстан, Казакстан, Россия, Афганистан жана Алтайдан келген тажрыйбалуу калыстар катышты.

Окутуунун негизги максаты — ар кайсы өлкөлөрдөн келген адистердин ортосунда тажрыйба алмашуу, мелдеште бирдиктүү эрежелердин так сактоо менен VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы көк бөрү беттештеринин калыс, ачык-айкын, эл аралык эрежелерге ылайык өтүшүн камсыздоо. Программага Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын башкы калысы жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын көк бөрү боюнча башкы калысы Эржигит Усаров баш болгон 24 калыс катышууда.

Окутуу КТМУда жана Чолпон-Атада уланат

Жалпысынан 86 саатты камтыган программанын алгачкы эки күнү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде, ал эми кийинки беш күнү Чолпон-Ата шаарында өткөрүлөт. Теориялык жана практикалык сабактарды камтыган семинардын соңунда катышуучулар сынак тапшырышат. Окууну ийгиликтүү аяктаган калыстарга сертификаттар тапшырылат.

Семинардын жүрүшүндө калыстык кылуу эрежелеринен сырткары көк бөрү тарыхый жана маданий жактардан да каралып, көк бөрү федерациясы түзүлгөндөн бери аткарылган иштер, бул оюн боюнча даярдалган илимий-маданий эмгектер жана улуттук спорттун келечеги сыяктуу маанилүү темалар талкууланат. Ошондой эле тажрыйбалуу калыстардын талаадагы байкоолоруна таянып иштеп чыккан сунуш-пикирлери тиешелүү федерацияларга жеткирилет.

Ректор Жейлан: «Маданий мурасыбызды келечекке жеткирүү — баарыбыздын милдетибиз»

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан улуттук спорт түрлөрүн коргоо жана аларды кийинки муундарга калтыруу университетке жүктөлгөн милдеттердин бири экенин баса белгиледи. Жогорку окуу жайлары өздөрүнүн илимий дарамети менен коомго кызмат кылышы керектигин айткан ректор: «Кыргыз-Түрк «Манас» университети катары билим берүүдөн баштап изилдөөгө, маданияттан искусствого, спорттон коомдук өнүгүүгө чейинки кенен тармакта топтогон билимибизди калктын кызыкчылыгына жумшоону башкы милдетибиз деп билебиз. Түрк дүйнөсүнүндө өзгөчө орду бар көк бөрү, тыйын эңмей сыяктуу улуттук оюндарыбызды жандандыруу, алардын уюштуруу түзүмүн чыңдоо жана жаштарга туура жеткирүү — дал ушул милдеттин бир бөлүгү. Биз бул мурасты өткөндөн калган баалуулук катары гана карабастан, илимий изилдөөлөр менен коштолгон, билим менен чыңдалган жана эл аралык майданда келечекке ишенимдүү кадам таштаган тирүү маданият катары жашашына маани беребиз. Университетибиз өзүнүн академиялык мүмкүнчүлүктөрү менен маданий мурасыбызды коргоого жана аны келечекке алып чыгууга ар дайым колдоо көрсөтөт», — деди.

Ректор, профессор Алпаслан Жейлан КТМУ улуттук спортту өнүктүрүү үчүн бекем пайдубалга ээ экенин кошумчалап: «Университетибиздин ичиндеги ипподром улуттук оюндарды ойноого, практикада колдонууга жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө чоң мүмкүнчүлүк берет. Эки жылда бир өткөрүлүүчү „Улуттук оюндар боюнча университеттер аралык мелдешти“ уюштуруу менен ар кайсы окуу жайлардын жаштарын ушул каада-салттын айланасында бириктиребиз. Максатыбыз — түрк дүйнөсүнүн орток маданий байлыгы болгон оюндарды университет чөйрөсүндө жашатуу жана кийинки муунга өткөрүп берүү», — деп билдирди.

Көк бөрүнүн маданий жана спорттук тарабы каралууда

Семинардын ачылышында сөз сүйлөгөн КТМУнун Туризм факультетинин окутуучусу, улуттук оюндар боюнча изилдөөчү Уланбек Алимов катышуучуларга окутуу программасынын мазмуну тууралуу маалымат берди. Быйыл экинчи ирет өтүп жаткан калыстарды даярдоо программасында көк бөрүнүн техникалык эрежелеринен сырткары анын тарыхый, маданий жана коомдук мааниси да караларын айткан Алимов улуттук спорттун келечеги үчүн илимий эмгектер менен тажрыйбаны айкалыштыруу зарылдыгына токтолду.

Салттуу оюндар кеңири аймакта чоң коомдук колдоого ээ экенин белгилеген Алимов бул спорт түрлөрүнүн башкаруу түзүмүн чыңдоо, бирдиктүү эрежелерди иштеп чыгуу жана эл аралык спорттук аренадагы ордун чыңдоо үчүн тажрыйбалуу калыстардын билими абдан маанилүү экенин айтты.

КТМУ улуттук оюндарды илимий жактан изилдөөдө

Иш-чарада Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин салттуу оюндар жаатында жүргүзүп жаткан академиялык жана илимий иштери тууралуу да айтты. Университет улуттук спортту маданий мурасты сактоо алкагынан чыгарып, аны ар тараптуу илимий изилдөөлөрдүн объектисине айлантканы белгиленди. Бул багытта салттуу оюндарды изилдөө институтунун аткарган иштери тааныштырылды.

КТМУда аткарылган 60 көк бөрүчү жана алардын аттарында жүргүзүлгөн илимий изилдөө да катышуучуларга сунушталды. Адам, спортчу жана аттын ортосундагы өз ара байланышты илимий фактылар аркылуу изилдеген бул эмгек салттуу спортту ар түрдүү илимдердин көз карашы менен изилдөөгө жакшы үлгү катары бааланды.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык уланууда

Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясынын башкы калысы жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Көк бөрү боюнча башкы калысы Эржигит Усаров да программанын жүрүшүндө программа жөнүндө катышуучуларга маалымат берди. Усаров өзгөчө Чолпон-Атада өтүүчү машыгуулардын тартиби, практикалык сабактар жана ар кайсы өлкөлөрдөн келген калыстар үчүн уюштуруу иштери боюнча кеңири токтолду.

Тыйын эңмей калыстары да КТМУда чогулду

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү алкагында КТМУда улуттук спорттун дагы бир түрү — тыйын эңмей боюнча калыстар семинары өттү. КТМУнун Тай казанында өткөн бул программага 16 калыс катышты. Тыйын эңмей боюнча башкы калыс Шайыр Үмөтгулов VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы тыйын эңмей мелдешине 10 мамлекеттен спортчулар катышарын билдирди.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан тыйын эңмей калыстарынын семинарына да баш багып, жүрүп жаткан даярдыктар менен таанышты.

КТМУда өтүп жаткан калыстарды даярдоо иш-чарасы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алдында улуттук спорттун эл аралык стандарттарын жогорулатууга, калыстар арасында бирдиктүү иш алып баруу маданиятын калыптандырууга жана түрк дүйнөсүнүн каада-салтын келечек муундарга жеткирүүгө кызмат кылат.

    Социалдык медиада бөлүшүү