«Богазичи» университетинин ректору профессор Мехмет Нажи Инжи Кыргыз-Түрк «Манас» университетине (КТМУ) келип кетти. Эки университеттин академиялык жана илимий кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаган бул сапар мекемелер аралык кызматташтык протоколунун кол коюлушу менен жаңы баскычка көтөрүлдү.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан «Богазичи» университетинин ректору, профессор Мехмет Нажи Инжини КТМУда тосуп алды. Ректордун кабинетинде өткөн жолугушууга КТМУнун проректорлору профессор Камалбек Карымшаков жана профессор Исмет Алтынташ, ошондой эле башкы катчы доцент Фатих Рамазан Истанбуллугил катышты.
Жолугушууда жогорку билим берүүдөгү өзгөрүп жаткан муктаждыктар, университеттер аралык академиялык алакаларды өнүктүрүү жана эки тараптын илимий потенциалын биргелешкен иш-аракеттер аркылуу арттыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Эки университеттин академиялык тажрыйбасы биргелешкен эмгектерге айланат
Ректораттагы жолугушуудан кийин профессор Мехмет Нажи Инжи КТМУнун окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Жыйында эки университеттин ортосунда өнүктүрүлө турган академиялык жана илимий кызматташтыктын багыттары талкууланды.
Жолугушууларда биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, окумуштуулардын ортосундагы байланышты күчөтүү, билим берүү тармагындагы тажрыйба алмашуу жана илимий иштер үчүн туруктуу кызматташтык механизмдерин түзүү маселелерине басым жасалды. Тараптар эки университеттин ар кайсы тармактагы академиялык дареметин биргелешкен демилгелер аркылуу күчтүү илимий байланышка айланышы мүмкүн экендигин белгилешти.
Жейлан: «Бул сапарды узак мөөнөттүү академиялык өнөктөштүктүн маанилүү кадамы катары көрөбүз»
КТМУнун ректору профессор Алпаслан Жейлан «Богазичи» университетинин ректору профессор Мехмет Нажи Инжини «Манас» университетинде тосуп алганына кубанычта экенин билдирди.
«Богазичи» университети өзүнүн бай академиялык тажрыйбасы жана илимий потенциалы менен Түркиянын алдыңкы жогорку окуу жайларынын катарына кирээрин белгилеп, профессор Инжи да илимий эмгектери жана академиялык тажрыйбасы менен жогорку билим берүү тармагына чоң салым кошуп жатканын айтты.
«Богазичи» университети менен КТМУ ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерлерин баса белгилеген Жейлан: «Богазичи» университетин көптөн бери Кыргызстанда жана университетибизде коноктоону ниет кылдык эле. Бул сапарды эки университеттин ортосундагы академиялык байланыштарды системалуу жана туруктуу нукка салуудагы маанилүү кадам деп баалайбыз. Түзүлгөн кызматташтык биргелешкен изилдөөлөргө, академиялык алакага жана жаңы илимий демилгелерге айланат деп ишенем», - деди.
Ректор Жейлан бул сапары үчүн профессор Мехмет Нажи Инжиге ыраазычылык билдирди.
Инжи: «Манас университетинин академиялык тажрыйбасын жакындан көрүү абдан баалуу»
«Богазичи» университетинин ректору, профессор Мехмет Нажи Инжи да чакыруу жана көрсөтүлгөн меймандостук үчүн ректор, профессор Алпаслан Жейланга ыраазычылык билдирди.
Профессор Инжи ректор Жейландын Орто Азия тарыхы боюнча көп жылдык илимий эмгектери менен академиялык дүйнөгө таанымал көрүнүктүү тарыхчы экенин белгилеп, КТМУнун академиялык дареметин жана аймактагы ордун жакындан көрүү абдан маанилүү экенин билдирди.
Жолугушууларда ортого салынган кызматташтык демилгелерин конкреттүү академиялык иштерге айлануу зарылдыгын белгилеген Инжи, эки мекеменин илимий потенциалы менен тажрыйбасын бириктире турган иштерди өнүктүрүү боюнча ой бөлүштү.
Академиялык кызматташтык протоколу кол коюлду
Сапардын эң маанилүү жыйынтыктарынын бири Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен «Богазичи» университетинин ортосунда академиялык кызматташтик протоколуна кол коюу болду.
Протокол аркылуу эки университеттин ортосундагы учурдагы байланыштарды институционалдык жана туруктуу кызматташтык форматына өткөрүү максат кылынууда. Бул алкакта биргелешкен изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, билим берүү жана илимий тармактарда тажрыйба алмашууну арттыруу жана академиялык алаканы күчөтө турган жаңы иш моделдерин түзүү көздөлүүдө.
Кол коюлган бул протокол Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы жогорку билим берүү жана илимий байланыштарга салым кошо турган биргелешкен демилгелер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп күтүлүүдө.
«Манас Медиа» борборунун ишмердүүлүгү тааныштырылды
Программа алкагында профессор Мехмет Нажи Инжи «Манас Медиа» борборун да зыярат кылды. Борбордун басма сөз жана жарыялоо инфраструктурасы, практикалык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү жана медиа өндүрүш процесси тууралуу маалымат алган Инжиге КТМУнун коммуникация жана медиа тармагында жүргүзүп жаткан иштери тааныштырылды.