EBSCOнун 14 маалымат базасына сыноочу байланыш ачылууда.
Университетибиздин колдонуучулары үчүн 12.10.2026–11.02.2027-күндөрү аралыгында EBSCO платформасында жайгашкан 14 маалымат базасына сыноо иретинде кирүү мүмкүнчүлүгү берилүүдө.
Сыноо иретинде пайдаланууга берилген маалымат базалары, аларга кирүү мөөнөттөрү, пайдалана ала турган академиялык бөлүмдөр жана маалымат базаларынын аталыштары төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн.
Учурда Engineering Source, eBook EngineeringCore Collection, Inspec with Full Text жана Mathematics Source маалымат базаларына сыноо иретинде кирүү мөөнөтү уланууда. Бул маалымат базалары тууралуу кеңири маалыматты бул шилтемеден алсаңыздар болот.
Сыноо иретинде кирүү мүмкүнчүлүгү берилүүчү башка маалымат базалары тууралуу маалыматтар алардын кирүү мөөнөтү башталганда жаңылыктар аркылуу жарыяланат.
Суроолоруңуздар жана кошумча маалымат алуу үчүн Китепканабызга кайрылсаңыздар болот: library@manas.edu.kg
|
Жеткиликтүүлүк мөөнөтү |
Факультет |
Маалымат базанын аталышы / адреси |
|
12.10.2026 - 11.11.2026 |
Инженерия факультети Табигый илимдер факультети |
Engineering Source; eBook EngineeringCore Collection; Inspec with Full Text; Mathematics Source |
|
12.11.2026 - 11.12.2026 |
Экономика жана башкаруу факультети Туризм факультети Коммуникация факультети Гуманитардык факультет Спорт илимдер факультети |
Business Source Ultimate; eBook Business Collection; Hospitality & Tourism Complete; Communication Source Ultimate; Humanities Source Ultimate; SPORTDiscus with Full Text |
|
12.12.2026 - 11.01.2027 |
Айыл чарба факультети Ветеринария факультети |
CAB Abstracts with Full Text; Food Science Source; Veterinary Source |
|
12.01.2027 - 11.02.2027 |
Көркөм өнөр факультети |
Art & Architecture Source |
* * *