Экономика, туризм, коммуникация, гуманитардык жана спорт багыттары боюнча EBSCO маалымат базаларына сыноочу байланыш ачылды


  • 2026-11-10

2026-жылдын 12-ноябырь 11-декабрь күндөрү үчүн университеттин окутуучулары, илимий кызматкерлери жана студенттери үчүн EBSCO компаниясынын экономика, туризм, коммуникация, гуманитардык жана спорт тармактарындагы билим берүү жана илимий изилдөөлөрдү колдоого арналган маалымат ресурстарына сыноочу байланыш ачылды.

Сыноочу байланыштын алкагында төмөнкү маалымат базалары жеткиликтүү:

Business Source Ultimate – бизнес жана экономика боюнча дүйнөдөгү эң ири толук тексттүү маалымат базаларынын бири. Анда менеджмент, маркетинг, финансы, бухгалтердик эсеп, эл аралык бизнес жана ишкердик багыттары боюнча алдыңкы басылмаларды камтыган 4 000ден ашык активдүү толук тексттүү илимий журнал бар.

eBook Business Collection – бизнес жана башкаруу тармагындагы электрондук китептердин адистештирилген жыйнагы. Менеджмент, лидерлик, финансы, маркетинг, экономика жана уюмдарды өнүктүрүү темалары боюнча алдыңкы академиялык жана кесиптик басмаканалар тарабынан жарыяланган миңдеген китептерди камтыйт.

Hospitality & Tourism Complete – мейманкана бизнеси, туризм жана меймандостук индустриясы боюнча алдыңкы толук тексттүү маалымат булагы. Туризмди башкаруу, мейманкана иши, ресторан бизнеси, иш-чараларды уюштуруу жана туризмди туруктуу өнүктүрүү маселелерин камтыйт.

Communication Source Ultimate – коммуникация жана медиа изилдөөлөрү боюнча ири толук тексттүү маалымат базасы. Журналистика, массалык коммуникация, санариптик медиа, коомчулук менен байланыш, жарнама жана маданияттар аралык коммуникация багыттарындагы илимий журналдарды камтыйт.

Humanities Source Ultimate – гуманитардык илимдер боюнча абройлуу маалымат базасы. Тарых, философия, адабият таануу, дин таануу, искусство, музыка, тилдер жана маданият таануу тармактарындагы илимий ресурстарды камтыйт.

SPORTDiscus with Full Text – спорт жана спорттук медицина боюнча алдыңкы эл аралык маалымат базасы. Спорт илими, дене тарбия, спорт физиологиясы, спорт психологиясы, кинезиология, реабилитация жана машыктыруучулук ишмердүүлүк боюнча илимий басылмаларды камтыйт.

Кимдер үчүн: Экономика жана башкаруу, Туризм, Коммуникация, Гуманитардык жана Спорт илимдери факультеттеринин окутуучулары, илимий кызматкерлери жана студенттерине.

Кирүү шилтемеси китепкана веб баракчасында.
 

    Социалдык медиада бөлүшүү