Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин координаторлугу астында ишке ашырылып жаткан Erasmus+ MANAS E-LAB долбоорунун алкагында студенттердин ишкердик жана инновациялык жөндөмдөрүн өнүктүрүү, реалдуу бизнес дүйнөсүнүн көйгөйлөрүнө инновациялык чечимдерди сунуштоо максатында StartUp Jump 2027 студенттик хакатону жана инкубация программасы башталды.
Чыңгыз Айтматов атындагы кампусундагы Азиз Санжар атындагы китепканасында өтүп жаткан эки күндүк иш-чарага ар кайсы факультеттерден 100дөн ашуун студент, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү, менторлор жана адистер катышууда. Хакатондун биринчи күнүндө бизнес-кейстерди (Business Case) талдоо, көйгөйдү аныктоо жана чечим иштеп чыгуу процесстери каралды.
Студенттердин ишкердик потенциалы колдоого алынууда
Иш-чара университеттин жетекчилигинин жана Креативдүү индустриялар ассоциациясынын өкүлдөрүнүн ачылыш сөздөрү менен башталды. КТМУнун проректору, профессор Камалбек Карымшаков университетте ишкердик демилгелерди колдоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берип, MANAS E-LAB долбоорунун алкагында университеттин алдында түзүлгөн ишкердик лабораториясы жаңы окуу жылынан тартып өз ишин баштаганын белгиледи.
Ал мындан аркы иш-чаралар да ар кандай баскычтарда улантыларын айтып, жаштардын чыгармачыл ой жүгүртүү жана инновациялык идеяларды иштеп чыгуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Камалбек Карымшаковдун айтымында, бүгүнкү күндө жасалма интеллект жана технологиялар көптөгөн иштерди аткара алган шартта адамды башкалардан айырмалап турган негизги сапаттар — жаратмандык жана креативдүү ой жүгүртө билүү жөндөмү. Ошондуктан бул жөндөмдөрдү университетте окуп жүргөн мезгилден тартып өнүктүрүү өтө маанилүү.
Камалбек Карымшаков студенттерге ийгилик жана чыгармачылык дем-күч каалап, жаштардын ишкердик демилгелерин колдоого багытталган мындай программалардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Бизнес чөйрөсүндөгү реалдуу көйгөйлөргө чечимдер изделүүдө
Креативдүү индустриялар ассоциациясынын директору Назгүл Кубакаева өз сөзүндө коомдук көйгөйлөрдү чечүүдө адамдардын муктаждыктарын туура түшүнүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду. Ал катышуучуларга иштеп чыга турган идеялары максаттуу аудитория үчүн чындап эле зарыл экендигин алдын ала изилдеп, сурамжылоолорду жүргүзүп, колдонуучулардын муктаждыктарын эске алууну сунуштады. «Адамдарды жакшы көргөндүктөн, бул көйгөйдү чечүү үчүн талыкпай аракет кыласыңар деп ишенем», — деген Назгүл Кубакаева жаш командаларды өз идеяларын өркүндөтүүдө коомдук пайдалуулукту да эске алууга чакырды.
Долбоордун координатору, экономика жана башкаруу факультетинин окутуучусу, доцент Азамат Максудунов MANAS E-LAB долбоорунун негизги максаты университет студенттеринин ишмердүүлүгүн өнүктүрүү экенин белгиледи. Ал хакатон долбоордун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштердин маанилүү бөлүгү экенин айтып, университеттин, өлкөнүн жана бизнес чөйрөсүнүн жаштардын ишкердик потенциалын колдоо жаатында орток максаттары бар экенин билдирди.
25 команда, беш ментор жана бизнес чөйрөсүндөгү реалдуу кейстер
Хакатондун алкагында EV Hotel, E-Commerce Shield KG, Taza Eco жана John Galt компанияларынын жана долбоорлорунун негиздөөчүлөрү менен өкүлдөрү өз ишмердүүлүгүндө туш болгон көйгөйлөрдү бизнес-кейстер катары студенттерге сунушташты. Катышуучуларга аталган көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ишке ашырууга мүмкүн болгон жаңычыл сунуштарды иштеп чыгуу тапшырылды.
Аталган компаниялардын жана долбоорлордун өкүлдөрү Азамат Аттокуров, Айбек Күренкеев, Назира Рысбек кызы, Даир Бекболотов жана Бекжан Эргешов студенттерге бизнес-кейстерди тааныштырып, көйгөйлөрдүн өзгөчөлүктөрү, учурдагы шарттар жана чечимдерди иштеп чыгуу процессиндеги чектөөлөр тууралуу маалымат беришти.Ар түрдүү факультеттердин студенттеринен түзүлгөн 25 команда өздөрү тандаган кейстердин үстүндө иштөө үчүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана менторлор менен жолугушту. Командалар кейстердин ээлери менен жекече баарлашып, суроолорун беришти жана адистерден кеңеш алышты.
Хакатондун модератору, экономика жана башкаруу факультетинин окутуучусу, доцент Сейил Нажимудинова программанын максаты, катышуу эрежелери, долбоорлорду сунуштоо форматы жана баалоо критерийлери тууралуу маалымат берди. Долбоорлор көйгөйдү жана максаттуу аудиторияны туура түшүнүү, чечимдин өзгөчөлүгү, ишке ашырууга мүмкүнчүлүгү, экономикалык туруктуулугу, социалдык жана экологиялык таасири, командалык иш, дисциплиналар аралык мамиле жана презентация жасоо жөндөмү боюнча бааланат.
Идеядан ишкердикке: үч айлык инкубациялык программа
Хакатондун экинчи күнүндө, 2026-жылдын 20-ноябрында, командалар бизнес-кейстерде көрсөтүлгөн көйгөйлөр боюнча иштеп чыккан чечимдерин сунуштап, өз иштеринин жыйынтыктарын бөлүшөт.
Хакатондун жүрүшүндө ишке ашырууга мүмкүн болгон жана ийгиликтүү деп табылган долбоорлор үч айлык инкубациялык программага тандалат. Программанын алкагында студенттер ишкердик идеяларын өркүндөтүү, бизнес-моделдерин түзүү жана долбоорлорун ишке ашыруу боюнча колдоо алышат. Мындан тышкары, ийгиликтүү командаларды сыйлыктар күтөт.
MANAS E-LAB долбоорунун алкагында уюштурулган StartUp Jump 2027 студенттик хакатонунун негизги максаты — университет менен бизнес чөйрөсүнүн ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, студенттердин ишкердик потенциалын ачуу жана жаштардын инновациялык идеяларын конкреттүү долбоорлорго айландыруусуна көмөк көрсөтүү.