Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) эл аралык жогорку билим берүү рейтингдеринде дагы бир ийгилик жаратты. Университет Times Higher Education (THE) уюму жарыялаган 2027-жылга карата дисциплиналар аралык илимдер рейтингинде дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин катарына кирип, маанилүү ийгиликке жетишти. КТМУ Кыргызстандан бул рейтингге кирген жалгыз университет болду.
Кыргыз-Түрк «Манас» университети эл аралык академиялык аброюн жана изилдөө жаатындагы позициясын бекемдөөнү улантууда. Дүйнөдөгү абройлуу жогорку билим берүү рейтингдерин түзгөн Times Higher Education (THE) уюму 2026-жылдын 18-ноябрында жарыялаган Interdisciplinary Science Rankings 2027 рейтингинин жыйынтыгына ылайык, КТМУ 801–1000-орундар аралыгынан орун алып, дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү жүргүзгөн дүйнөдөгү алдыңкы университеттердин катарына кошулду.
Рейтингде алгачкы жолу бааланган «Манас» университети Кыргызстандан тизмеге кирген жалгыз жогорку окуу жайы катары өлкөбүздүн атын эл аралык академиялык аянтчада тааныта алды. Бул жыйынтык университеттин ар түрдүү илим тармактарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган ишмердүүлүгүнүн эл аралык деңгээлде таанылышы жагынан маанилүү баскыч болуп саналат.
«Манас» университети Кыргызстанды дүйнөлүк деңгээлде өкүлчүлүк кылууда
THE дисциплиналар аралык илимдер рейтинги 2027-жылга карата дүйнөнүн 102 өлкөсү жана аймагындагы 1 058 университетти камтыйт. Кыргызстандан бул тизмеге кире алган жалгыз университет КТМУ болду.
Бул ийгилик «Манас» университетинин Кыргызстандын жогорку билим берүү системасындагы эл аралык аброюн бекемдөө менен бирге, Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы илимий жана академиялык кызматташтыктын конкреттүү жетишкендиктеринин бири катары да өзгөчө мааниге ээ.
Дисциплиналар аралык изилдөө мүмкүнчүлүктөрү эл аралык деңгээлде бааланды
Times Higher Education уюму Schmidt Science Fellows менен кызматташтыкта даярдаган рейтинг университеттердин ар түрдүү илимий тармактарын бириктирген изилдөөлөрдү колдоо жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн баалайт.
Рейтингде университеттер изилдөөлөргө бөлүнгөн каржылоону жана адам ресурстарын камтыган көрсөткүчтөр; дисциплиналар аралык изилдөөлөрдү колдоого багытталган институционалдык шарттарды жана административдик көмөктү камтыган процесстер; илимий изилдөөлөрдүн сапатын жана эл аралык академиялык баалоолорду камтыган натыйжалар болуп 3 негизги багытта каралат. Баалоо жалпысынан 11 көрсөткүчтүн негизинде жүргүзүлөт.
Бул жагынан алганда, КТМУнун дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин катарына кириши университеттин изилдөө чөйрөсүн эл аралык критерийлердин негизинде баалоого жана илимий өнүгүү максаттарын бекемдөөгө маанилүү өбөлгө түзөт.
«Манас» университетинин эл аралык деңгээлге чыгуу максатындагы маанилүү кадам
Түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгында билим берүү, илимий изилдөө жана эл аралык деңгээлге чыгуу багыттарындагы иштерин улантып жаткан Кыргыз-Түрк «Манас» университети бул жыйынтык менен эл аралык жогорку билим берүү рейтингдериндеги ордун да бекемдеди.
Түркия менен Кыргызстандын биргелешкен жогорку окуу жайы катары иш алып барган КТМУ ар түрдүү илимий дисциплиналарды бириктирген академиялык түзүмү, изилдөөгө багытталган өнүгүү стратегиясы жана эл аралык илимий кызматташтыгы аркылуу Кыргызстандын илимий потенциалын өнүктүрүүгө салым кошууну көздөйт.
THE рейтингинин дисциплиналар аралык илимдер рейтингине алгачкы жолу кирип, дүйнөдөгү эң мыкты 1000 университеттин катарынан орун алган КТМУ келечекте дисциплиналар аралык изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, эл аралык биргелешкен илимий долбоорлорду көбөйтүү жана илимий эмгектердин сапатын жогорулатууну максат кылат.
THE 2027 дисциплиналар аралык илимдер рейтингинин жыйынтыктары менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот:
https://www.timeshighereducation.com/world-university-rankings/interdisciplinary-science-rankings