Азербайжандын 8-ноябрь — Жеңиш күнү «Манас» университетинде белгиленди


  • 2026-11-12

Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) Карабах жеңишинин алтынчы жылдыгына карата Азербайжандын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан уюштурулган 8-ноябрь — Жеңиш күнүнө арналган иш-чараны өткөрүүгө аянтча болду. Иш-чарада Карабах жеңишинин Азербайжан үчүн тарыхый мааниси белгиленип, бир туугандык жана тилектештик баса белгиленди.

Иш-чарага Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов, Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев, Кыргызстандын аксакалы Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айсаракан Абдибаева, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, КТМУнун биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев, проректорлор, профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, ошондой эле башкы катчы, PhD. доц. Фатих Рамазан Истанбуллугил менен катар окумуштуулар, коноктор жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Ректор Жейлан: «Азербайжандын жеңиши — түрк дүйнөсүнүн жеңиши»

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан университетте өткөрүлгөн 8-ноябрь — Жеңиш күнүнө арналган иш-чарада Карабахтагы Жеңишти түрк дүйнөсүндөгү тилектештиктин үлгүсү катары баалады. Ал Азербайжан элинин жана армиясынын бул процессте көрсөткөн эрдигине токтолуп: «Азербайжандын жеңиши — түрк дүйнөсүнүн жеңиши», — деди.

Ректор Жейлан азербайжандык акын Бахтияр Вагабзаденин Түркия менен Азербайжандын ортосундагы боордоштукту даңазалаган саптарын эске салып, бул байланыш бүгүнкү күндө түрк дүйнөсүнүн ар кайсы аймактарында кеңири тилектештик түшүнүгү менен улантылып жатканын айтты. Ал Вахабзаденин «Абалыбыз, кубанычыбыз, кайгыбыз бир. Желектердеги жарым ай — Азербайжан, Түркия» деген саптарын окуп, ырдагы кубаныч менен кайгыны бөлүшүү сезимин Карабахтагы Жеңиштин жалпы кубанычына байланыштырды. Акындын ушул күндөрдү көрүшүн каалаганын айткан Жейлан, эгер ал бул биримдикке күбө болгондо, бүткүл түрк дүйнөсүнүн биримдигин даңазаламак деди. Түрк мамлекеттеринин асманда желбиреген тууларын бул тилектештиктин символу катары баалап, элдердин ортосундагы боордоштук келечек муундар менен бирге бекемделип улана беришин тиледи.

Жейлан Кыргызстанда 7–8-ноябрда белгиленген Тарыхты жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө да токтолуп, университеттин миң студенти менен бирге «Ата-Бейит» улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барганын эске салды. Бул сапар ата-бабалардын арбагына болгон урмат-сыйдын белгиси экенин белгилеп, «Аларга салам берип, дуба кылдык жана алардын жолун улап баратканыбызды айттык», — деди.

Элчи Өкем: «Бул даңктуу жеңиш — бүткүл түрк дүйнөсүнүн орток сыймыгы»

Түркиянын Бишкектеги элчиси, доктор Мекин Мустафа Кемал Өкем Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде (КТМУ) өткөн 8-ноябрь — Жеңиш күнүнө арналган иш-чарада Карабахтагы Жеңишти түрк дүйнөсүнүн орток сыймыгы деп атады. Ал Азербайжан элинин 44 күндүк Ата Мекендик согушта көрсөткөн чечкиндүүлүгүнө токтолуп, президент Илхам Алиевдин жетекчилиги алдында Азербайжан эли менен армиясы тарыхый ийгиликке жетишкенин айтты.

Карабактын эркиндиги үчүн курман болгон шейиттерди терең кайгыруу жана ыраазычылык менен эскерген Өкем ардагерлерге ыраазычылыгын билдирип, аларга чың ден соолук жана узак өмүр каалады. Ошондой эле иш-чараны уюштурган Азербайжандын Бишкектеги элчиси Латиф Гандиловго жана конок тосуп, өткөрүү жайын камсыздаган КТМУга ыраазычылык билдирди.

Өкем Түркия менен Азербайжандын ортосундагы боордоштук жөнүндө сөз кылып жатып, президент Режеп Тайып Эрдогандын Азербайжандагы Жеңиш күнүнө арналган иш-чаранын алкагында Илхам Алиев менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында айткан Бахтияр Вагабзаденин ырындагы «Абалыбыз, кубанычыбыз, кайгыбыз бир. Желектердеги жарым ай — Азербайжан, Түркия» деген саптарды окуду. Сөзүнүн соңунда Азербайжанды 9-ноябрь — Мамлекеттик туу күнү менен куттуктап, эки өлкөнүн ортосундагы боордоштук мамилеси улана беришин каалады.

Элчи Гандилов: «Менин үйүм — сенин үйүң, сенин үйүң — менин үйүм»

Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов Карабахтагы Жеңиштин Азербайжандын тарыхындагы орду жөнүндө айтып, президент Илхам Алиев атасы Гейдар Алиевдин керээзин аткарып, Карабактын кайрадан Азербайжандын көзөмөлүнө өтүшүнө жетекчилик кылганын белгиледи. Азербайжан элинин дээрлик 30 жыл бою башынан өткөргөн азап-тозогун эске салган Гандилов бул жеңиш өлкөнүн тарыхындагы бурулуш учур болгонун айтты.

Гандилов бул процессте боордош өлкөлөрдүн колдоосу Азербайжан эли үчүн чоң мааниге ээ болгонун белгилеп, Жеңиш күнүн ар кыл түрк элдеринин өкүлдөрү менен бирге белгилеп жатканына кубанычта экенин билдирди. Элдердин жакындыгын «Менин үйүм — сенин үйүң, сенин үйүң — менин үйүм» деген сөздөр менен сүрөттөдү.

Гандилов Азербайжандын Жеңиш күнүн боордош элдердин өкүлдөрү менен бирге белгилөөгө мүмкүнчүлүк түзүп, иш-чараны өткөрүүгө көмөк көрсөткөнү үчүн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жетекчилигине ыраазычылык билдирди. Элчи бул күндү Азербайжан эли менен бирге белгилеген кыргыз, түрк, түркмөн, казак жана өзбек элдеринин өкүлдөрүнө да алкыш айтты.

Өзбекстандын элчиси Ниязходжаев: «Азербайжандын ийгиликтерин өзүбүздүн ийгиликтерибиздей көрөбүз»

Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Саидикрам Ниязходжаев Азербайжан элин 8-ноябрь — Жеңиш күнү менен куттуктап, бул тарыхый ийгилик Азербайжан элинин эрдигинин, улуттук биримдигинин жана мекенине берилгендигинин символу экенин айтты. Жеңиш Азербайжан элинин өз жерине болгон терең сүйүүсүн жана чечкиндүүлүгүн көрсөтөрүн белгилеген элчи, мекенди коргоо үчүн өмүрүн берген баатырларды урмат-сый менен эскерди.

Ниязходжаев Азербайжандын жетишкен ийгиликтери Өзбекстанда да чоң кубаныч менен кабыл алынганын айтып, эки элдин орток тарыхы гана эмес, боордош жана жакын элдер экенин белгиледи. «Азербайжандын ийгиликтерин өзүбүздүн ийгиликтерибиздей көрөбүз», — деди ал. Сөзүнүн соңунда Азербайжан элине тынчтык, бакубатчылык, өнүгүү, ден соолук жана ийгилик каалады.

Шеримкулов Азербайжандын жеңишин чын жүрөктөн куттуктады

Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Аксакалдар кеңешинин Кыргызстандан мүчөсү Медеткан Шеримкулов Карабах маселесинин тарыхый өбөлгөлөрүнө жана Азербайжан эли башынан өткөргөн кыйынчылыктарга жеке өзү күбө болгонун айтты. Согуштун кесепетинен болгон кыйроолорду жана элдин азап-тозогун өз көзү менен көргөнүн белгилеген Шеримкулов Азербайжандын күрөшү өзү үчүн да терең мааниге ээ экенин баса белгиледи. Азербайжандын 2020-жылы жетишкен жеңиши бардык түрк элдеринин орток ийгилиги болгонун айтып: «2020-жылдагы Азербайжандын жеңиши — бардык түрк элдеринин, бардык түрк мамлекеттеринин, бүткүл түрк дүйнөсүнүн жеңиши», — деди.

Шеримкулов президент Садыр Жапаров 2023-жылы Карабахта курулушу башталган кыргыз мектебинин пайдубалын түптөө аземине катышып, бир жылдан кийин анын ачылышын өткөргөнүн эске салды. Бул колдоо эки элдин ортосундагы боордоштуктун маанилүү көрсөткүчү экенин белгиледи. Кыргызстандын Азербайжанга кошкон салымы бул долбоор менен гана чектелбей турганын айткан Шеримкулов Бишкектеги Низами Гянджеви атындагы азербайжан мектеби жана Гейдар Алиев паркы да эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды бекемдеп жатканын билдирди.

Шеримкулов Карабахтагы Жеңишке жетүү процессинде түрк дүйнөсү Азербайжанды колдогонун айтып, Түркиянын салымы өзгөчө маанилүү болгонун баса белгилеп, президент Режеп Тайып Эрдогандын колдоосуна көңүл бурду. 44 күндүк согуштун тарыхый жыйынтыгына баа берип, Карабах маселесинин чечилиши Азербайжан эли үчүн чоң бурулуш болгонун айтты. Сөзүн Азербайжан элин чын жүрөктөн куттуктоо менен аяктап жатып: «Мен сиздер менен бирге кубанып, сыймыктанам. Азербайжан элинин бул чоң ийгилигин чын дилимден куттуктайм», — деди.

Депутат Абдибаева: «Кыргызстан менен Азербайжанды бекем боордоштук байланыштары бириктирет»

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айсаракан Абдибаева Жогорку Кеңештин депутаттарынын атынан Азербайжан элин 8-ноябрь — Жеңиш күнү менен куттуктады. Бул маанилүү күн эрдиктин, чечкиндүүлүктүн, улуттук биримдиктин жана мекенге берилгендиктин символу экенин баса белгилеген Абдибаева Азербайжандын көз карандысыздыгы жана аймактык бүтүндүгү үчүн баатырдык көрсөткөндөрдү урмат-сый менен эскерди.

Абдибаева Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы тарыхый, маданий жана руханий байланыштарга токтолуп, эки өлкөнүн ортосундагы достук жана өз ара урмат-сый жылдан жылга бекемделип жатканын айтты. «Кыргызстан менен Азербайжанды орток тарыхыбыз, руханий жана маданий баалуулуктарыбыз, бекем боордоштук жана өз ара урмат-сый байланыштары бириктирип турат», — деген Абдибаева эки өлкөнүн кызматташтыгы элдердин жыргалчылыгы үчүн өнүгүп, улана берерине ишенимин билдирди. Ал Азербайжан элине тынчтык, биримдик, бейпилдик жана бакубатчылык каалады.

Иш-чара Азербайжандын тарыхый жеңиши жана эки өлкөнүн ортосундагы кылымдарды карыткан боордоштук байланыштары дагы бир жолу баса белгиленген маанилүү жолугушуу катары жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү