Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде (КТМУ) уюштурулган Студенттердин маданият күнүндө ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттер өз маданиятын музыка, бий, поэзия жана улуттук кийимдер аркылуу тааныштырышты. КТМУнун Тышкы байланыштар бюросу тарабынан уюштурулган иш-чаранын алкагында сахналаштырылган көрсөтүүлөр менен катар студенттер тарабынан даярдалган маданий көргөзмөлөр да уюштурулду.
Ректор Алпаслан Жейлан: “Силер — бул университеттин эң башкы байлыгысыңар”
Иш-чаранын ачылышында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан университеттин билим берүү системасында студенттердин орду өзгөчө экендигине токтолуп, «Манас» университети сөз менен гана эмес, иш жүзүндө да студенттерге багытталган окуу жай экенин баса белгиледи.
Студенттерге кайрылып: “Силер — бул университеттин бүтүндөй маңызысыңар. Силер болбосоңор, университет да, бул имараттар да, аудиториялар да, факультеттер да болмок эмес. Демек, силер — “Манас” университетинин негизги тирегисиңер”— деди. Университеттеги жашоо жана анын өнүгүүсү студенттер менен гана мааниге ээ болорун белгиледи.
Университеттин эл аралык макамына да токтолгон ректор Жейлан учурда “Манас” университетинде 17 өлкөдөн келген студенттер билим алып жатканын жана алардын санын мындан ары да көбөйтүү ниети бар экенин билдирди.
Ар түрдүү маданияттардын бир түндүктүн астында биригип, университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымын килемге салыштырган ректор: “Түрк эли килем сыяктуу. Ага ар бир түс өзүнчө көрк берет. Ошондуктан канчалык көп түс болсо, ошончолук кооз жана ийгиликтүү болобуз”, — деп, маданий көп түрдүүлүктүн коомдогу өзгөчө маанисине көңүл бурду.
“Студенттердин муктаждыктарына багытталган колдоолор күчөтүлүүдө”
Ректор Жейлан университетте студенттер үчүн түзүлгөн социалдык шарттарга жана колдоо көрсөтүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге да токтолду. Ал студенттердин билим алуу процессин ыңгайлуу шарттарда улантуусу үчүн университеттин аймагындагы социалдык жайлар кеңейтилип, жакшыртылып жатканын белгиледи.
Чай бакчалардын, кантиндердин жана эс алуучу жайлардын саны көбөйтүлүп жатканын белгилеген ректор студенттердин негизги муктаждыктарын камсыз кылуу университет жетекчилигинин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди.
Студенттерге берилген тамактын баасын өзгөрүүсүз калтыруу тууралуу да сөз кылган Алпаслан Жейлан кызматка киришкен күнү 80 сом болгон тамактын баасы бүгүнкү күнгө чейин өзгөрбөгөнүн жана өзүнүн кызматтык мөөнөтү аяктаганга чейин бул бааны өзгөртпөөнү көздөп жатканын белгилеп: “Инфляция “Манас” университетинин студенттерине таасирин тийгизбейт”, — деди.
Студенттердин жатакана шарттарын жакшыртуу багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге да токтолгон ректор учурдагы жатаканалар комплекстүү түрдө жаңыланып жатканын, ошондой эле быйыл миң орундуу, жаңы кыздар жатаканасынын курулушу башталганын маалымдады. Анын айтымында, ашкана, тамактануучу жай жана китепкана сыяктуу бөлүмдөрдү камтый турган жаңы жатакана заманбап жана жашоого ылайыкталып долбоорлонгон.
Ректор Жейлан университет тарабынан студенттерге көрсөтүлүп жаткан социалдык колдоолордун бири болгон кийим-кече дүкөнү тууралуу да айтып өттү. Анын айтымында, муктаж студенттер ал жерден бут кийим, күрмө жана башка кийим-кечелерди акысыз ала алышат. Жаңы окуу мезгилинде дүкөн кайрадан ишке киргизилип, студенттер үчүн жаңы кийим-кечелер сатылып алынат.
Ректор Жейлан: “Студенттеримдин курсагы ток, кийими бүтүн болушу керек”, - деген сөздөрү менен университет жетекчилиги студенттердин муктаждыктарын камсыз кылууну өзүнүн жоопкерчилиги катары карай турганын билдирди.
Түрдүү маданияттар музыка, бий жана каада-салттар аркылуу тааныштырылды
Программанын жүрүшүндө Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Якутия, Монголия жана Россиянын, ошондой эле ахыска түрктөрүнүн өкүлдөрү салттуу музыкалык чыгармаларды, улуттук бийлерди, поэзиялык чыгармалардан үзүндүлөрдү, комуз күүлөрүн жана театрлаштырылган оюндарды тартуулашты. Мындан тышкары, «Манастын кыздары» бий тобунун аткаруусундагы бий иш-чарага өзгөчө көрк кошту.
Маданий баалуулуктар көргөзмө аркылуу тааныштырылды
Сахналаштырылган оюндар менен катар иш-чара өткөн жерде ар кайсы өлкөлөрдүн салттуу буюмдары жана маданий өзгөчөлүктөрү коюлган көргөзмөлөр уюштурулду. Студенттер өз өлкөлөрүнүн маданиятын чагылдырган сүрөттөрдү жана ар түрдүү материалдарды даярдашты. Иш-чаранын бул бөлүгү катышуучуларга башка элдердин маданияты менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түздү.
Иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери менен катар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин, Кыргызстан Эл аралык университетинин жана Эл аралык Ала-Тоо университетинин студенттери жана кураторлору катышты.
Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Монголия, Россия жана Якутиядан келген студенттерди, ошондой эле ахыска түрктөрүнүн өкүлдөрүн бириктирген студенттердин маданият күнү ар түрдүү элдердин маданиятын бириктирип, алардын достугун чыңдаган маанилүү иш-чарага айланды.