Кыргыз тарыхында из калтырган инсандар КТМУда сүрөттөр менен эскерилди


  • 2026-11-13
Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнүн алкагында «Тарыхта из калтыргандар» аттуу сүрөт көргөзмөсүн өткөрдү. КТМУнун Көркөм сүрөт факультети тарабынан уюштурулган көргөзмөдө Кыргызстандын тарыхына, адабиятына, өнөрүнө жана маданиятына салым кошкон инсандардын санариптик техникалар менен кайрадан иштетилген сүрөттөрү Курманжан Датка искусство галереясында көрүүчүлөргө тартууланды.

Кыргыз тарыхынын жана маданиятынын маанилүү инсандары көргөзмөдө көрсөтүлдү

Санариптик басма түрүндө даярдалган, кыргыз жана түрк студенттеринин заманбап Кыргызстандын түптөлүшүнө салым кошкон инсандарды таанып-билүүсүн жана алар калтырган мурас тууралуу ой жүгүртүүсүн максат кылган көргөзмөдө Касым Тыныстанов, Сүймөнкул Чокморов, Бүбүсара Бейшеналиева, Гапар Айтиев, Курманжан Датка, Саякбай Каралаев жана Уркуя Салиева баштаган тарых жана маданият ишмерлеринин сүрөттөрү орун алды.

Ректор Жейлан: «Студенттерибиздин өткөн тарыхын билишин жана түшүнүүсүн каалайбыз»

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан көргөзмөнүн ачылышында студенттер өз тарыхын үйрөнүп, ата-бабалары кандай шарттарда жашаганын жана бүгүнкү күнгө кандай мурас калтырганын түшүнүүсүн абдан маанилүү деп эсептерин билдирди. «Манас» университети ушул максатта ар кандай иш-чараларды уюштуруп келе жатканын айткан Жейлан, Ата-Бейитте өткөрүлгөн урмат көрсөтүү жөө жүрүшүн жана эскерүү программасын бул аракеттердин бир мисалы катары көрсөттү.

Аба ырайынын катаал шарттарына карабастан эскерүү программасына миңден ашык адам катышканын белгилеген Жейлан, Үркүн учурунда оор табигый шарттарда тоолорду ашууга мажбур болгон адамдардын башынан өткөргөндөрүн айтып, Ата-Бейитке баруу жаштарга өткөндө тартылган азаптарды жана курмандыктарды жеринде ойлонуп, сезип көрүүгө мүмкүнчүлүк бергенин айтты.

Жейлан өткөн чак менен инсандыктын ортосундагы байланышты Айтматовдун «манкурт» түшүнүгү менен түшүндүрдү

Сүрөт көргөзмөсү да дал ушул максатта даярдалганын билдирген Жейлан, көргөзмө жаштарга кыргыз тарыхына жана маданиятына из калтырган инсандарды таанып-билүүгө жана алар калтырган мурасты түшүнүүгө шарт түзөрүн айтты. КТМУнун ректору профессор Алпаслан Жейлан Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагы «манкурт» сюжети аркылуу тарыхый эс тутумдун маанилүүлүгүнө токтолду. Өткөнүн жана тегин эстей албай калган манкурт өзүнүн кимдиги менен байланышын да жогото турганын белгилеген Жейлан, бул окуя коомдор үчүн да эскертүү экенин билдирди. Жаштар ата-бабаларын, алардын кандай шарттарда жашаганын жана бүгүнкү күнгө кандай мурас калтырганын билиши өз тарыхын түшүнүүсүнө салым кошот деп айткан Жейлан, бул көргөзмө да ошол эс тутумду келечек муундарга жеткирүү аракеттеринин бир бөлүгү экенин белгиледи.

Кыргызстандын тарыхына, адабиятына жана өнөрүнө из калтырган инсандардын санариптик техникалар менен жаңыртылган сүрөттөрүн бириктирген «Тарыхта из калтыргандар» көргөзмөсү 17-ноябрга чейин КТМУнун Көркөм сүрөт факультетиндеги Курманжан Датка галереясында көрүчүүлөргө тартууланат.

    Социалдык медиада бөлүшүү