Студенттерди кабыл алуу

 

9-берене - (1) Студенттер университетке төмөндөгү сынактардын жыйынтыктары боюнча кабыл алынат:

а) Кыргыз Республикасынын билим берүү мекемелерин бүтүргөн Түркия Республикасынын жарандарынан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандары жана башка мамлекеттердин жарандары үчүн Манас-ÖSYM тарабынан жүргүзүлгөң Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенттерди тандоо жана жайгаштыруу сынагы.

б) Кыргыз Республикасынын Жалпы мамлекеттик экзамени (ОРТ/ГРАНТ).

в) Түркия Республикасынын Жогорку билим берүү мыйзамдарынын алкагында өткөрүлгөн университеттерге тандоо жана жайгаштыруу сынактары.

Эл аралык студенттер үчүн сынактар университет катышуучу болгон эки тараптуу келишимдерге ылайык тандалат же принциптери Окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталат.

д) Атайын жөндөм сынагы менен студенттерди кабыл алган бөлүмдөр үчүн университет тарабынан өткөрүлө турган сынактар.

е) Эквиваленттүүлүгү Окумуштуулар кеңеши тарабынан кабыл алынган башка сынактар.

(2) Арыз берүүнүн шарттары, сынактардын принциптери, сынактарды тапшыруу формалары жана сынактарды тапшыруу мөөнөтү, ошондой эле башка маселелер тиешелүү бөлүмдүн Администрациялык кеңешинин сунушу жана Окумуштуулар кеңешинин чечими менен жыл сайын апрелдин аягына чейин аныкталат. Атайын жөндөм сынактары тиешелүү бөлүмдүн сунушу жана ректораттын макулдугу менен Кыргызстандан башка өлкөлөрдө дагы өткөрүлүшү мүмкүн.