2025-жылдын 17-ноябрында Эл аралык студенттер күнү алкагында Ислам академиясында кыргыз мамлекеттикчүлүгүнүн түптөлүшүнө негиз болгон Кара Кыргыз автоном областына 100 жыл толгондугуна арналган биринчи курстун студенттерине багытталган кеңири көлөмдүү симпозиум өткөрүлдү.
Иш-чарага ар кандай жогорку окуу жайлардан келген студенттер жана окутуучулар катышып, студенттердин академиялык өнүгүүсү, мекенчилдикке тарбиялоо жана коомдук аң-сезимдин маанилүүлүгү тууралуу талкуулар жүргүзүлдү.
Симпозиумга Кыргыз-Түрк Манас университетинин Теология факультетинен д-р Шохимардан Орунбеков жана факультеттин биринчи курсунун студенттери да катышты. Канатбек кызы Тилегей, Намазбекова Сезимай, Каримова Жаркынай жана Анарбекова Кундуз даярдаган баяндама-сунуштарын презентациялап, программага өз салымдарын кошту. Көзөмөлчү катары катышкан факультеттин студенттери да симпозиумду жакындан байкап турушту.
Программанын соңунда катышуучуларга Ислам академиясынын ректору тарабынан ыраазычылык сертификаттары тапшырылды.
Симпозиум программасы:
Расмий ачылыш аземи
Темалык баяндамалар
Илимий талкуулар
Коофе-брейк
Буран мунарасына маданий экскурсия


