2026-04-21

Ислам дининде эмпатия түшүнүгү жана анын социалдык психологиялык пайдалары


Факультетибиздин социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2026-жылдын 21-апрелинде университет студенттерине арналган «Исламдагы эмпатия түшүнүгү жана анынсоциалдык психологиялык пайдалары» аттуу семинар КТМУ Теология факультетинин кызматкери Жамила Жораеванын координаторлугунда өткөрүлдү.

Семинарда Гүлзина Нуридинова исламдагы эмпатия адамдын башкалардын сезимдерин жана муктаждыктарын түшүнүп аракет кылуусуна негизделген маанилүү адеп-ахлактык баалуулук экенин билдирди. Куран-Каримде жана Азирети Пайгамбардын (с.а.в.) хадистеринде баса белгиленген бул түшүнүк адам өз кызыкчылыгын гана эмес, коомдун жалпы жыргалчылыгын да эске алышы керектигин түшүндүрөрүн айтты. Ошондой эле эмпатия жардамдашуу, зекет жана садака сыяктуу амалдар аркылуу ишке ашып, коомдук тилектештикти бекемдей турганы, мындан тышкары коомдогу тынчтык менен ынтымактын орношуна салым кошору белгиленди. Ушул жагынан алганда эмпатия ислам адебинин негизги принциптеринин бири болуп, инсандын өнүгүүсүн колдогон жана адилеттүү коомдун калыптанышына өбөлгө түзгөн маанилүү баалуулук экени айтылып, семинар жыйынтыкталды.