2025-12-29

Факультетибизде келечек, миссия жана GZFT Жыйыны Өткөрүлдү


26-декабрь 2025-жылы КТМУ Теология факультетинин миссиясы, максаттары жана багыттары аныкталып, ошондой эле GZFT (Күчтүү Жактар, Алсыз Жактар, Мүмкүнчүлүктөр, Коркунучтар) анализи боюнча отчеттун даярдалышына арналган жыйын факультет деканынын ачылыш сөзү менен башталды.

Ачылышта Декан өз сөзүндө катышуучулук башкаруунун жана ичкі стейкхолдерлердин пикирлеринин факультеттин стратегиялык өнүгүү процессиндеги маанилүүлүгүнө токтолду.

Ички стейкхолдерлердин активдүү катышуусу менен өткөн жыйын өз ара пикир алмашуу жана конструктивдүү баалоолор аркылуу абдан натыйжалуу болду. Жыйында факультетибиздин учурдагы абалы кеңири талданып, келечекке багытталган максаттар орток акылдын негизинде бааланды.

Жыйындын жыйынтыгында алынган пикирлер менен сунуштар факультетибиздин институционалдык өнүгүүсүнө жана стратегиялык пландаштыруу процессине маанилүү салым кошот деп күтүлүүдө.