Экотуризм жана атайын корголуучу аймактарга багытталган окутуу программасы ийгиликтүү аяктады


  • 2024-03-29

2024-жылдын 26-28-март күндөрү КТМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү борбору жана туризм факультети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ызматкерлери үчүн 3 күндүк тренинг уюштурулду.

Жалпысынан 31 катышуучуну камтыган окутуу программасы КТМУнун инженердик факультетинин деканы, б.и.к., доцент Нурзат Тотубаева, туризм факультетинин декан жардамчысы, Доц.м.а.док. Нарынгүл Маргазиева жана саякат иши жана гид  кызматы бөлүмүнүн бөлүм башчысы, Доц.док. Бакыт Турдумамбетов тарабынан өткөрүлдү. Катышуучуларга “Экотуризм жана атайын корголуучу аймактар” темасында маанилүү маалыматтар берилди.

2024-жылдын 28-мартында өткөн сертификат тапшыруу аземине “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова, туризм факультетинин деканы, профессор Ясин Бойлу, КТМУнун Үзгүлтүксүз билим  берүү борборунун төрагасы, доцент Эркан Эфилти жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана атайын корголуучу аймактары башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Турдуматов жана башкалар катышты.

Салтанаттын ачылыш сөзүн сүйлөгөн KTMÜSEM төрагасы, доцент Эркан Эфилти “Манас” университетинин кыргыз коомчулугуна берген илимий изилдөөлөрдүн маанилүүлүгүн баса белгилеп: “Университетибиз илимий ишмердүүлүгүбүздү Кыргызстандын ар бир бурчуна жайылтууну көздөйт. Курс бул максатка карай маанилүү кадам болуп саналат”, - деди. Окутуунун программасына салым кошкондордун бардыгына ыраазычылыгын билдирген доцент  Эфилти ушул сыяктуу кызматташтыктардын алдыда дагы да улана турганын белгиледи.

Иш-чара катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C5GRniXtziN/?utm_source=ig_web_copy_link&igsh=MzRlODBiNWFlZA==

    Социалдык медиада бөлүшүү