Ректор Жейлан 7-каналда конокто болду


  • 2024-03-29

Кыргызстандын алдыңкы телеканалдарынын бири болгон 7-каналда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан конокто болду. Ректор, профессор Алпаслан Жейлан “Манас” телевидениесинин координациясында журналист Нарын Айып алып барган “Нарын Айып &...” аттуу программада “Манас” университети менен тааныштырып, окуу жайдын Кыргызстанга кошкон зор салымынан сөз кылды, айрыкча, тилге багытталган изилдөөлөр аркылуу “Манастын” кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымы тууралуу айтып берди.

-Амбициялуу университеттин дымактуу максаттары

Жыйырма сегиз жылдык кыска тарыхына карабастан дүйнө жүзүндөгү алдыңкы университеттер менен бирдей ийгилик тизмелерине кире алган “Манас” университетинин  дүйнөдөгү эң алдыңкы миңдикке кирген Кыргызстандагы эң биринчи жана жалгыз университет экендигине сыймыктанышарын белгилеген профессор Алпаслан Жейлан түрк дүйнөсүнүн амбициялуу университети үчүн бул ийгилик жетишсиз болорун, мындан да бийик максаттарга жетүү үчүн тынымсыз аракет кылып жатышкандыктарын баса белгиледи.

Университеттин жетишкендиктери квалификациялуу адам ресурстарын даярдоого, түрк дүйнөсүнүн жогорку билим берүү тармагынын өнүгүшүнө, илимий билимдерди өндүрүүгө жана башка көптөгөн тармактарга түздөн-түз таасирин тийгизгенин белгилеген профессор Жейлан “Манас” университетинин бул жаатта түрк дүйнөсүнө чоң кызмат көрсөтүп жатканын билдирди.

Алпаслан Жейлан маекте түрк элдеринин арасында боордоштук сезимин бекемдөө максатында түзүлгөн Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин түрк дүйнөсүнүн бүтүндүгүн камсыз кылуу максатына чоң салым кошконун айтты.

-Эненин сүтүндөй ак кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон салымдар

Түрк дүйнөсүнүн лидерлери тарабынан түзүлгөн Түрк мамлекеттери уюмунун көп кылымдардан бери келе жаткан кыялдардын ишке ашуусуна шарт түзгөнүн, түрк дүйнөсүнүн биримдиги, ынтымагы жана бүтүндүгү үчүн чоң өнүгүү болгонун баса белгилеген Жейлан бул бүтүндүктүн маанилүү элементи тил экенин, түрк тилдеринин өнүгүшү, түрк элдеринин өз тилинде сүйлөп, бири-бирин түшүнүүсү чоң мааниге ээ экенин белгиледи. “Манас” университетинин бул жаатта да чоң салымдары бар экенин эске салган профессор Алпаслан Жейлан 40 миң сөз менен баштаган кыргызча сөздүк ишин 100 миң сөз менен кеңейте тургандарын; кыргыз тилинин илимий тил катары өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн алар кыргыз тилинде жүздөгөн жогорку квалификациялуу илимий китептерди басып чыгарышканын жана бул изилдөөлөр дагы көбөйүп, Кыргызстандын ар бир аймагында кыргыз тили боюнча семинарларды уюштургандарын; түрк дүйнөсүнүн башка өлкөлөрүнөн келген миңдеген студенттерге даярдоо курстарында кыргыз тилин үйрөтүшкөнүн; Түркиянын Ван облусунун Эржиш районундагы Улупамир айылында жашаган кыргыздар үчүн онлайн жана офлайн форматтарда кыргыз тилин үйрөтүшкөндөрүн; университеттин радиосунда жана телеканалында негизинен кыргыз тилинде жүргүзүлгөнүн; пандемия учурунда Кыргызстандагы орто билим берүүнүн үзгүлтүккө учурашына жол бербөө үчүн “Манас” телевидениеси дистанттык билим берүү видеороликтерин кыргыз тилинде тартканын; “Манас” эпосу тууралуу сапаттуу китептерди басып чыгарышканын жана университеттин кыргыз тилинин өнүгүшүнө кошкон башка дагы салымдарын айтып берди.

Президент Режеп Тайип Эрдогандын Адриатикадан Улуу Кытай дубалына чейин эң көп колдонулган тилдер түрк тилдери деген сөзүнүн негизинде кыргыз тили баш болгон бардык түрк тилдерин колдоо боюнча ишмердүүлүк жүргүзүп жатканын эске салган профессор Алпаслан Жейлан президент Садыр Жапаровдун кыргыз тилине карата аяр мамилесине абдан ыраазы болгонун, эне сүтүндөй таза кыргыз тилинин дүйнөдө татыктуу колдонулушу үчүн мындан ары да аракет кыла тургандыктарын айтты.

-Ар тармакта Кыргызстанга кызмат кылуу

Программада өмүр бою көңүл аймагына кызмат кылуу үчүн иштегенин да түшүндүргөн Алпаслан Жейлан 25 жыл ичинде Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып, илимий изилдөө иштерин жүргүзгөнүн, “Түрк тарыхын таштан окуу” деген темадагы илимий ишин колдоо үчүн Саймалы-Ташка барганын, он өлкөнүн петроглифтерин изилдегенин, бирок эң көп изилдөө иштери орун алган өлкө Кыргызстан экенин белгиледи. Бул изилдөөлөрдү үзгүлтүксүз уланта турганын айткан ректор, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз-Түрк “Манас” университети бардык мүмкүнчүлүктөрү менен ар тармакта Кыргызстанга жана бүткүл түрк дүйнөсүнө кызмат кылууну улантарын баса белгиледи.

 

Haberin Fotoğrafları:

https://www.instagram.com/p/C5OghKKNFkU/?igsh=cXpyem9lbWNjeHVp

7. Kanal'ın Programı:

https://www.youtube.com/watch?v=RimPbURQ0-

    Социалдык медиада бөлүшүү