2026-01-29
28-январь, 2026-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин “Ресторан иши жана кулинардык ɵнɵр” бөлүмүнүн студенттери үчүн атайын панелдик талкуу уюштурулду. Иш-чарага Kempinski The Dome отелини F&B директору Саваш Нухоглу, Kilikya Palace отелинин F&B директору Серкан Карабулут жана Sirene отелинин F&B директорунун жардамчысы Алпер Качмаз катышып, карьералык мүмкүнчүлүктөр, акыркы тренддер жана ийгиликке жетүү стратегиялары тууралуу тажрыйбаларын бөлүшүштү.
.jpeg)
