2026-04-20
2026-жылдын 17-апрелинде «Сомелье кызматы» курсунун алкагында студенттер үчүн «Сомелье өнөрү: даам, жыт жана сунуштоо техникалары» аттуу мастер-класс өткөрүлдү. Иш-чара окутуучу Динара Исакованын жетекчилиги астында уюштурулду. Сомелье Нестан Адылбекова кызыл шараптар тууралуу маалымат берип, туура кызмат көрсөтүү ыкмаларын колдонмо түрүндө көрсөттү.
Мастер-класста шарап сунуштоо маданиятына, даамдардын шайкештигине жана сомельенин ресторан кызматындагы ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Студенттер эл аралык сомелье стандарттарын үйрөнүү, даам татуу жана кызмат көрсөтүү көндүмдөрүн өнүктүрүү, ошондой эле шараптарды тамак-аштар менен туура айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн алышты. Мастер-класс гастрономия жана ресторан иши жаатында баалуу практикалык тажрыйба берди.

