2026-11-02
«Кондитердик иш» сабагынын алкагында «Ресторан иши жана кулинардык өнөр» бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү, «Cacao_Bishkek» кондитердик үйүнүн негиздөөчүсү Тахмина Эрнис кызынын катышуусунда практикалык мастер-класс болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө ийгиликтүү бүтүрүүчүбүз студенттерге кондитердик өнөрдүн заманбап ыкмаларын, автордук десерттерди даярдоонун сырларын жана тармактагы акыркы тенденцияларды көрсөтүп берди. Ошондой эле, Тахмина өзүнүн ишкердик жолу, кондитердик бизнести башкаруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берип, келечектеги адистерге чоң дем-күч берди.
«Ресторан иши жана кулинардык өнөр» бөлүмү Тахмина Эрнис кызына студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө кошкон салымы, баалуу тажрыйбасы жана мотивациясы үчүн терең ыраазычылык билдирет.

