2026-11-02
2026-жылдын 19-октябрында Туризм факультетинин 1-курсунун студенттери «Тамактануу кызматтарын башкаруу» дисциплинасынын алкагында студенттик ашкананын башкы ашканасы менен таанышышты.
Экскурсиянын жүрүшүндө башкы ашпозчу Абузер Акгюн студенттерге ашкананын бөлүмдөрү, алардын өз ара байланышы жана өндүрүштүк процесстер тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле, ал башкы ашпозчунун негизги милдеттери, тамак-аш коопсуздугунун стандарттары жана кызматкерлерди натыйжалуу башкаруунун сырлары менен бөлүштү. Мындай практикалык сабак студенттерге болочок кесибинин өзгөчөлүктөрүн ичинен көрүп, терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берди.
.jpeg)
