2026-02-27


Доц., докт. Махабат Конурбаева КМТУда лекция окуп, студенттерге кафедрада экскурсия уюштурду


Доц., докт. Махабат Конурбаева И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Технологиялык институтунун «Коомдук тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиясы» багыты боюнча билим алган студенттерине лекция окуду.

«Тамак-аш өндүрүшүндөгү микроорганизмдердин биоплёнкалары: молекулярдык механизмдерден тобокелдиктерди башкарууга чейин» аттуу лекциясында биоплёнкалардын пайда болуу механизмдери, алардын тамак-аш өнөр жайындагы ролу жана коопсуздукту камсыз кылуу ыкмалары кеңири талкууланды. Лекцияда фундаменталдык илимий негиздер менен бирге практикалык аспектилер да каралды.

Мындан тышкары, КМТУнун студенттери биздин өсүмдүктөрдү коргоо кафедрасына келип, лабораториялар боюнча экскурсияга катышышты. Аларга кафедранын илимий багыттары, колдонулган жабдуулар жана изилдөө ыкмалары тууралуу маалымат берилди.

Мындай иш-чаралар жогорку окуу жайлар ортосундагы академиялык кызматташууну чыңдоого жана студенттердин кесиптик көз карашын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.