2026-10-08

КТМУнун кибербуллинг боюнча изилдөөсү ЮНЕСКОнун ресурстар жыйнагына киргизилди


Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) коммуникация факультетинин окутуучулары тарабынан Кыргызстандагы балдардын кибербуллинг тажрыйбасын изилдеген илимий эмгек ЮНЕСКОнун Ден соолук жана билим берүү ресурстары борборунун «Изилдөөлөр жана практикалык мисалдар» жыйнагына киргизилди. Изилдөөдө балдардын санариптик коопсуздугуна байланыштуу жергиликтүү маалыматтар камтылып, анын жыйынтыктары эл аралык билим берүү жана илимий чөйрөлөргө жеткиликтүү болуусуна өбөлгө түзүлдү.

Доц., др. Ниязи Айхан, доц.,др. Эрдоган Акман жана д.м.а  др. Топчугүл Нарматова тарабынан даярдалган «Digital transformation and cyberbullying in education: an evaluation on children in Kyrgyzstan» («Билим берүүдөгү санариптик трансформация жана кибербуллинг: Кыргызстандагы балдарга жүргүзүлгөн баалоо») аттуу макала 2025-жылы Taylor & Francis басмаканасы тарабынан жарыяланган International Journal of Adolescence and Youth илимий журналына жарыяланган.

664 окуучунун кибербуллинг тажрыйбасы изилденди

Изилдөөнүн алкагында 13–18 жаштагы 664 окуучудан анкета аркылуу маалымат чогултулуп, окуучулардын кибербуллингге байланыштуу тажрыйбасы социалдык-маданий өзгөчөлүктөр, санариптик сабаттуулук жана ата-эненин көзөмөлү жагынан талданган.

Изилдөөнүн жыйынтыктары санариптик сабаттуулуктун төмөн деңгээли менен кибербуллингге кабылуу коркунучунун жогорулашынын ортосунда өз ара байланыш бар экенин көрсөткөн. Ошондой эле ата-эненин көзөмөлү менен кибербуллингдин курмандыгы болуунун ортосунда да байланыш аныкталып, кибербуллингге байланыштуу жүрүм-турум кыздар менен балдар арасында айырмаланары байкалган.

Жыйынтыктар санариптик коопсуздук боюнча билим берүүнүн зарылдыгын көрсөтөт

Изилдөө балдардын санариптик технологияларга жеткиликтүүлүгү кеңейип жаткан шартта онлайн чөйрөдөгү коркунучтарды таануу жана интернетти коопсуз колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүү зарылдыгына көңүл бурат. Изилдөөнүн жыйынтыктары мектептерде санариптик сабаттуулук боюнча билим берүүнү күчөтүүгө, окуучулардын муктаждыктарына ылайык алдын алуу иш-чараларын иштеп чыгууга жана ата-энелердин санариптик коопсуздук боюнча билим берүү процессине катышуусун жогорулатууга негиз боло алат.

Изилдөөнүн жыйынтыктары сурамжылоого катышкан окуучулардын тажрыйбасын чагылдырат. Изилдөөнүн сүрөттөөчү мүнөзү аныкталган байланыштарды түздөн-түз себеп-натыйжа байланышы катары чечмелөөгө же алынган жыйынтыктарды Кыргызстандагы бардык окуучуларга жалпылоого мүмкүндүк бербейт.

Кыргызстандан алынган маалыматтар эл аралык илимий маалымат алмашууга жол ачат

Изилдөөнүн ЮНЕСКОнун ресурстар жыйнагына киргизилиши Кыргызстандагы балдардын санариптик тажрыйбасына байланыштуу илимий жыйынтыктардын билим берүү кызматкерлери, изилдөөчүлөр жана саясатты иштеп чыгуучулар үчүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Ошентип, жергиликтүү шарттарды изилдеген эмгек башка өлкөлөрдө жүргүзүлгөн изилдөөлөр менен салыштырылып, эл аралык илимий маалымат алмашууга салым кошо турган булакка айланууда.

КТМУнун коммуникация факультетинде жүргүзүлгөн бул изилдөө балдардын санариптик коопсуздугун илимий маалыматтардын негизинде талдоо менен бирге кибербуллингдин алдын алууга багытталган билим берүү иш-чараларын өркүндөтүүгө да салым кошууну көздөйт.

Изилдөөнүн ЮНЕСКОнун Ден соолук жана билим берүү ресурстары борборундагы маалыматына жана макаланын толук текстине төмөндөгү шилтемелер аркылуу кирүүгө болот.

http://healtheducationresources.unesco.org/library/documents/digital-transformation-and-cyberbullying-education-evaluation-children-kyrgyzstan