2026-02-16


“САНАРИПТЕШҮҮ ЖАНА ААЛАМДАШУУ ДООРУНДА ТИЛ ЖАНА КОТОРМО БАГЫТЫНДА ЗАМАНБАП ЫКМАЛАР” ТРЕНИНГИ ӨТКӨРҮЛДҮ


2026-жылдын 11-12 февралында Гуманитардык факультеттин Синхрондук котормо бөлүмү тарабынан Кыргызстандын алдыңкы беш университетинин 40дан ашуун өкүлү үчүн «Санариптешүү жана ааламдашуу доорунда тил жана котормо багытында заманбап ыкмалар» аттуу эки күндүк интенсивдүү кесиптик өнүгүү тренинги ийгиликтүү өттү. Тренинг проф. Др. Аида Касиева, ф.и.д., доц. Гульнура Джумалиева, п.и.к. Нургул Карыбекова жана ага окутуучу Мээрим Киналиева тарабынан уюштурулуп, катышуучулар корпустук лингвистика, санариптик гуманитардык илимдер, котормодогу CAT технологиялары жана синхрондук котормонун заманбап ыкмалары боюнча комплекстүү теориялык жана практикалык билим алышты. Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети, Нарын мамлекеттик университети, Ош мамлекеттик университети жана И. Арабаев атындагы мамлекеттик университеттен келген окутуучулар тажрыйба алмашуу жана кесиптик компетенцияларын жогорулатуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүккө ээ болушту. Тренингдин аягында университеттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пландар иштелип чыгып, бардык катышуучуларга салтанаттуу түрдө квалификацияны жогорулатуу сертификаттары тапшырылды.