«БИОХИМИЯ» ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Биохимия лабораториясы Табигый илимдер факультетинин биология бөлүмүнүн  түзүмдүк бөлүгү. Бул лаборатория биохимия, физиология жана молекулалык биология тармактарындагы илимий изилдөөлөрдүн приоритеттүү багыттарын өнүктүрүү максатында биология бөлүмүнүн  базасында 2010-жылы курулган. Perfect Mindray 400 маркасындагы автоматташтырылган биохимиялык анализатор фотометриялык, кинетикалык, потенциометриялык иштөө принциптерине таянуу менен 1 саат аралыгында 400 даана белоктордун, липиддердин, углеводдордун, аралык заттардын ошондой эле 240 даана электролиттердин көрсөткүчтөрүнүн концентрациясын аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Көрсөткүчтөр биологиялык суюктуктардан кан, кандын тундурмасы, плазма жана заарадан аныкталат. Биомолекулалар жана ар кандай биологиялык объектилер менен иштеп, ар түрдүү изилдөө ыкмаларын өздөштүрүү аркылуу студенттер тиешелүү тармактарда келечектеги кесиптик карьерасы үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү өнүктүрүшөт.

Лабораториянын негизги максаты – Биология жана биотехнология билим багыттары боюнча бакалавр (BS), магистратура (MSc) жана докторантура (PhD) программаларында билим алып жаткан магистранттардын жана докторанттардын заманбап лабораториялык изилдөө методдорун өздөштүрүүсүн жана илим-изилдөө иштерин аткаруусун камсыздоо. Ошондой эле компетенттүү, лаборатордук көндүмдөргө ээ биолог адистерин даярдоодо заманбап лабораторияларда иштөө мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу негизги максаттарынын да бири болуп эсептелинет.  Биохимия, молекулалык биология, физиология багыттарында фундаменталдык жана колдонмо илимий-изилдөө иштерин аткаруу, бөлүмдүн илимий-тематикалык планына ылайык профессордук-окутуучулук курамынын илимий изилдөөлөрүн ишке ашыруу.

Лабораторияда жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары:

  • Лаборатория негизги химиялык жана биохимиялык анализдерди аткаруу менен аналитикалык методдорду өнүктүрүү жана колдоо;
  • Адам жана жаныбар организмдеринин биологиялык суюктуктарынын негизги биохимиялык көрсөткүчтөрүн аныктоо;
  • Кан плазмасынан жана тундурмасынан жалпы белоктун жана анын фракцияларын аныктоо;
  • Адам жана жаныбар организмдеринин трансфераздык системасынын негизги көрсөткүчтөрүн аныктоо;
  • Кан тундурмасынын негизги ферментативдик көрсөткүчтөрүн аныктоо;
  • Организмдеги углеводдук зат алмашуунун негизги параметрлерин аныктоо;
  • Кан плазмасынан жана тундурмасынан липиддик зат алмашуунун негизги спектрлерин аныктоо;
  • Адам жана жаныбар организмдеринин биохимиялык көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыктарын интерпретациялоо.

«ЖАЛПЫ БИОЛОГИЯ» ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Жалпы биология лабораториясынын максаты:

Лабораториянын негизги максаты – студенттердин лабораториялык шарттарда жалпы биологиялык объектилер менен иштөөдө заманбап эксперименттик ыкмаларды жана заманбап биологиялык жабдууларды колдонуу боюнча практикалык көндүмдөргө ээ болушун камсыз кылуу.

Лаборатория окуу планында каралган бир катар сабактар менен түздөн-түз байланыштуу. «Жалпы ботаника», «Жалпы зоология» жана башка профильдик дисциплиналардын практикалык сабактары ушул лабораториянын базасында өткөрүлөт. Жаңы муундагы технологияларды колдонуу студенттердин биология тармагындагы практикалык көндүмдөрүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

1. Окуу мезгилдери жана камтылган студенттердин саны:

Лаборатория биология багытынын 1-, 2-, 3- жана 4-семестрлеринде каралган дисциплиналар боюнча колдонулат.

2. Камтуу мүмкүнчүлүгү:

Лаборатория болжол менен 100–150 студентке кызмат көрсөтүүгө багытталган.

3. Билим берүү программасына кошкон салымы:

Окуу планында каралган сабактардын практикалык бөлүгүн тиешелүү лабораториялык шарттарда өткөрүү билим берүү программасынын сапатына олуттуу оң таасирин тийгизет.

Мындан тышкары, лаборатория студенттердин биологиялык объектилер менен иштөөдө заманбап эксперименттик ыкмаларды колдонуу жана заманбап жабдуулар менен иштөө боюнча компетенцияларын калыптандырууну камсыздайт.


«МОЛЕКУЛЯРДЫК ГЕНЕТИКА ЖАНА БИОТЕХНОЛОГИЯ» ЛАБОРАТОРИЯСЫ

Молекулярдык генетика жана биотехнология лабораториясы Табигый илимдер факультетинин биология бөлүмүнүн  түзүмдүк бөлүгү.

Бул лаборатория генетика, молекулярдык биология жана биотехнология тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн приоритеттүү багыттарын өнүктүрүү максатында биология бөлүмүнүн  базасынын алкагында  2020-жылы курулган.

Лабораториянын негизги максаты – генетика, молекулярдык биология жана биотехнология билим багыттары боюнча магистратура (MSc) жана докторантура (PhD) программаларында билим алып жаткан магистранттардын жана докторанттардын заманбап лабораториялык изилдөө методдорун өздөштүрүүсүн жана илим-изилдөө иштерин аткаруусун камсыздоо. Молекулалык биология, генетика жана биотехнология багытында фундаменталдык жана колдонмо илимий-изилдөө иштерин аткаруу, бөлүмдүн илимий-тематикалык планына ылайык профессордук-окутуучулук курамынын илимий изилдөөлөрүн ишке ашыруу.

Лабораторияда жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн негизги багыттары:

  • Кыргызстандын флорасынын жана фаунасынын генетикалык ар түрдүүлүгүн жана филогенетикалык байланыштарын молекулярдык маркерлердин жардамы менен изилдөөлөр;
  • Трансгендүү (генетикалык модификацияланган) организмдердин молекулярдык генетикалык анализи;
  • Микроорганизмдерди жана патогендик организмдерди молекулярдык-генетикалык идентификациялоо;
  • Организмдердин мобильдүү генетикалык элементтерин изилдөөлөр;
  • Жандуу организмдердин гендерин бөлүп алуу жана идентификациялоо;
  • Жандуу организмдердин генетикалык жана фенотиптик өзгөчөлүктөрүнүн ассоциациялык байланыштарын изилдөөлөр.

 


«ГИСТОЛОГИЯ ЖАНА ЦИТОЛОГИЯ» ЛАБОРАТОРИЯСЫ

«Гистология жана цитология» лабораториясы табигый илимдер факультетиндеги биология бөлүмүнүн алдында 2012-жылы түзүлгөн. Аталган лабораторияда клиникалык жактан дени соо түрдүү жаныбарлардын органдарына клеткалык жана ткандык деңгээлдеги изилдөөлөр, айрым учурларда жаныбарлардын ар кандай генезедеги патологияларына, анын ичинде туюк жараларга, микроскоптук диагноз коюу жана патогистологиялык изилдөө иштери жүргүзүлөт. Лаборатория заманбап алдыңкы жабдыктар менен камсыз болгондуктан, изилдөө иштери сапаттуу жана кыска мөөнөөттө аткарылат. Лаборатория түзүлгөн мезгилден тартып, бөлүмдүн изилдөөчүлөрү, КТМУти жана КРнын Билим берүү жана илим министирлиги тарабынан каржыланган бир топ илимий долбоорлордун алкагындагы, ошондой эле студенттер жыл сайын бакалавр, магистир жана докторлук диссертацияларына байланыштуу изилдөө иштерин жүзөгө ашырышат. Лабораториянын базасында студенттер үчүн «Гистологиялык техника» аттуу илимий ийрим уюштурулган.

Лабораториянын башкы максаты – биология багытындагы бакалавр, магистратура (MSc) жана докторантура (PhD) программаларында билим алып жаткан студенттерди заманбап лабораторияда цитологиялык жана гистологиялык техниканы өздөштүрүүсүн жана илим-изилдөө иштерин аткаруусун камсыз кылуу. Бөлүмдүн изилдөөчүлөрү гистологиялык, гистохимиялык жана иммуногистохимиялык изилдөө ыкмаларын колдонуу менен илимий долбоорлорду аткаруу, илимий макалаларды даярдоо.

Лабораторияда аткарылуучу негизги иш-чаралар:

  • Цитологиялык жана гистологиялык каражаттарды даярдоо;
  • Клеткалык жана ткандык үлгүлөрдү (кесинди, сүртүндү, жуунду) - гематологиялык, жалпы жана атайын гистологиялык, гистохимиялык жана иммуногистохимиялык ыкмаларды колдонуу менен боёо;
  • Даярдалган цитологиялык жана гистологиялык каражаттарга микроскоптун жардамы менен сандык жана сапаттык талдоо жүргүзүү;
  • Нормадагы микроморфология жана патогистология жаатындагы ар кандай илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, тиешелүү ылаңдарга диагноз кою.