“Манас” университети Улуттук илимдер академиясында сакталган кол жазмаларды санариптештирет


  • 2023-04-11

2023-жылдын 11-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына иш сапары менен барды.

Жолугушууга КТМунун ректору Алпаслан Жейлан, окуу иштери боюнча проректор Камалбек Карымшаков жана ректордун кеңешчиси, экономика жана башкаруу факультетинин деканынын м.а. Серхат Бурмаоглу, ошондой эле КР УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ мекемелер ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланып, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Евразия тарых, тил жана археология илимий-изилдөө институту менен КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту биргелешип илимий изилдөө иштерин жүргүзүү макулдашылды.

Университеттин ректору Алпаслан Жейлан Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын архивиндеги “Манас” эпосунун алгачкы кол жазмалар казынасында сакталып турган маданий баалуу мурастар менен таанышып чыгып, кызматташтыктын алкагында академияда сакталган кол жазмаларды санариптештирүү менен илимий изилдөөлөр жүргүзүлө турганын айтты.

Ал эми Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Кыргыз Улуттук илимдер академиясында сакталган кол жазмаларды санариптештирүү иштерин жүргүзүү менен Кыргызстандын илимине деги эле кыргыз элине, мамлекеттүүлүгүнѳ, маданиятына кошкон чоң салымы болоорун баса белгилеп, окуу жай менен кызматташууга кубанычта экенин билдирди.

 

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4921-manas-niversitesi-kymetli-arivi-dijitalletirecek.html

    Социалдык медиада бөлүшүү