Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин радио, телевидение жана кино бөлүмүнүн ага окутуучусу Наргиза Маматкулова башкы ролду аткарган “Кара. Кызыл. Сары” толук метраждуу көркөм тасмасы XXVII Шанхай эл аралык кинофестивалынын “Эң мыкты тасма” сыйлыгын алды.
“Азиянын Канн фестивалы” катары таанылган Шанхай эл аралык кинофестивалы дүйнөлүк кино искусство тармагындагы эң беделдүү иш-чаралардын бири болуп саналат. Кытайдагы эң чоң кинофестиваль биринчи жолу 1993-жылы өткөрүлгөн. Калыстар тобунун курамында Карен Шахназаров жана Оливер Стоун болгон фестивалга быйыл 119 өлкөдөн 3900дөн ашык тасма катышып, алардын 12си финалга чыккан. Кыргызстандын “Кара. Кызыл. Сары” тасмасы бул сынакта баш байгеге ээ болуп, кино тарыхында из калтырды.
Тасмада килем токуучу Турдугүлдүн образын жараткан КТМУнун академиялык кызматкери Наргиза Маматкулова мыкты актёрдук чеберчилиги менен өзгөчөлөндү. Көркөм баяндоосу жана жогорку деңгээлдеги оператордук иши менен айырмаланган бул тасма “Оскар” жана “Золотой глобус” сыйлыктарынын ээси, италиялык режиссёр Жузеппе Торнаторе жетектеген калыстар тобу тарабынан жогору бааланды.
Маматкулованын академиялык жана чыгармачыл инсан катары багындырган бул ийгилиги жаш кинематографисттер үчүн шыктандыруучу үлгү болду. Бул жеңиш академиялык тажрыйба менен чыгармачыл процесстин натыйжалуу жана таасирдүү жыйынтык бере аларын көрсөттү.
“Кара. Кызыл. Сары” тасмасынын эл аралык деңгээлде мындай жогорку сыйлыкка татыганы; чыгармачыл ой жүгүртүүнүн, тынымсыз эмгектин биригүүсүнөн универсалдуу резонанс жаратуучу чыгармаларды жаратууга болорун дагы бир жолу далилдеди.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жалпы жамаатынын атынан ага окутуучу Наргиза Маматкулованы чын жүрөктөн куттуктайбыз!