КТМУда санариптик өзгөрүү


  • 2025-10-08

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде (КТМУ) университетибиз тарабынан жаңы иштелип чыккан Студенттик маалымат системасы боюнча таанытуу семинары өткөрүлдү. Иш-чара 2025-жылдын 7-октябрында Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында болуп өттү. Семинарга проректор, профессор Исмет Алтынташ, башкы катчы, доц.м.а.док.  Фатих Рамазан Истанбуллугил, административдик бөлүм башчылары, профессордук-окутуучулук курам жана университеттин кызматкерлери катышты.

Семинардын ачылышында сөз сүйлөгөн проректор, профессор  Исмет Алтынташ жаңы система университеттин санариптик өзгөрүү процессиндеги маанилүү кадамдардын бири экенин белгиледи. Профессор Алтынташ системанын КТМУнун өзүнүн программалык камсыздоо тобу тарабынан толугу менен иштелип чыкканын баса белгилеп, долбоор негизинен ийгиликтүү аяктап калганын билдирди.

Жаңы Студенттик маалымат системасы учурдагы муктаждыктар менен катар алдыдагы жылдарда  пайда болушу күтүлгөн талаптарды да канааттандыра тургандай иштелип чыкканын айткан профессор Алтынташ, бул ишке өз салымын кошкон бардык кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Ачылыш сөзүнөн кийин инженердик факультетинин  компьютер инженерлиги бөлүмүнүн башчысы, доцент Рита Исмаилова тарабынан системанын техникалык тааныштыруу иш-чарасы өткөрүлдү. Доцент Исмаилова жаңы системанын жалпы иштөө тартибин жана өзгөчө академиялык кызматкерлер үчүн колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңири түшүндүрдү. Ал бөлүм башчылары, илимий жетекчи жана окутуучулар үчүн даярдалган колдонуучу модулдары тууралуу деталдуу маалымат берип, сабакка катталуу, баалоо системасы, сабакка катышууну каттоо, транскрипт жана отчет даярдоо процесстери боюнча практикалык мисалдарды көрсөттү.

Катышуучулардын чоң кызыгуусу менен өткөн семинар суроо-жооп бөлүгү аркылуу интерактивдүү форматта уланды. Академиялык кызматкерлер жаңы системанын колдонулушуна байланыштуу кызыккан суроолоруна кеңири маалымат алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Иш-чара доцент Рита Исмаиловага, Студенттик иштер бөлүмүнүн жана Маалыматтык технологиялар башкармалыгынын эмгек жамаатына ыраазычылык баракчаларын тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү