Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин демилгеси менен, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу аркылуу “Арашан” койлоруна эмбрион көчүрүү жана жасалма уруктандыруу ыкмаларын кеңири жайылтууга багытталган долбоор ишке ашырылууда.
Кыргыз–Түрк “Манас” университети (KTMУ), Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттиги (TİKA), Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги, Ататүрк университети, “Арашан” кой багуучулар биримдиги, кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институту, Самсун 19 Май университети жана Ван Йүзүнжү Йыл университети тарабынан биргелешип даярдалган «Арашан койлорунун өнүгүүсүндөгү тоскоолдуктарды жоюу жана аларды татыктуу баага жеткирүү» долбоору TİKAга сунушталды.
Ректораттын жыйындар залында өткөн долбоордун таанытуу жыйынына KTMУнун проректору, Исмет Алтынташ, TİKAнын Бишкек программалык координатору Мехмет Бодур, кыргыз мал чарба жана жайыт илим изилдөө институтунун кой-эчки өстүрүү жана аргындаштыруу бөлүмүнүн башчысы Рахатбек Ибраев, ветеринардык дарыгер Семетей Жоробаев, Кыргызстандын койчулар коомдук бирикмесинин башчысы Мирланбек Сатыбеков жана тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Арашан койлору татыктуу баасына жетет
Кыргызстан экономикасына кошо турган салымы менен өзгөчөлөнгөн долбоордун таанытуу баяндамасын долбоордун жетекчиси, KTMУнун ветеринария факультетинин окутуучусу, профессор Серкан Йылдырым жасады. Профессор Йылдырым долбоордун алкагында эмбрион көчүрүү жана жасалма уруктандыруу ыкмаларын кеңири колдонуу аркылуу асыл тукум кочкорлордон натыйжалуу пайдалануу, тукум алуу көрсөткүчтөрүн жогорулатуу жана тукумсуздуктун алдын алуу максат кылынганын белгиледи. Ошондой эле, педигриси так катталган, жогорку сапаттагы жана жакшы абалдагы малдардын санын көбөйтүү аркылуу сапаттуу эт өндүрүшүнө колдоо көрсөтүлөрүн айтты.
Зооноздук оорулардын алдын алуу максатталууда
Долбоордун алкагында жаныбарлардан адамдарга жугуучу зооноздук оорулардын жайылышын алдын алуу жана малдын ден соолугун коргоо да негизги максаттардын катарына кирет. Мындан тышкары, Ветеринария факультетинин студенттери үчүн практикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү аркылуу алардын кесиптик билимин жана тажрыйбасын арттыруу пландалууда.
«Илимий тажрыйбабызды туруктуу өнүгүү үчүн практикага багыттайбыз»
Университеттер билим берүү менен гана чектелбестен, аймактык өнүгүүгө жана коомдук пайдага түз салым кошуучу илимий борбор болушу керектигин белгилеген KTMУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан төмөнкүлөрдү билдирди:
«Кыргыз–Түрк “Манас” университети катары биздин миссиябыз — илимий тажрыйбабызды түрк дүйнөсүнүн жалпы муктаждыктарына ылайык практикага багыттоо, университет–мамлекет–сектор кызматташтыгын бекемдөө жана туруктуу өнүгүүгө салым кошуу. Мал чарбачылыгы сыяктуу стратегиялык мааниге ээ тармакта ишке ашырылып жаткан бул долбоор — илимий билимдин коомдук баалуулукка айланышынын айкын мисалы. KTMУ мындан ары да Кыргызстандын артыкчылыктарына шайкеш, эл аралык кызматташтыкка негизделген жана практикага багытталган долбоорлорду ишке ашырууну чечкиндүү улантат».
КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ