Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Үзгүлтүксүз билим берүү борбору тарабынан уюштурулган семинарлардын алкагында “Изилдөөлөрдө жасалма интеллектти колдонуудагы этикалык чектер” аттуу семинар өткөрүлдү.
Семинарга КТМУнун Адабият факультетинин Билим берүү илимдери бөлүмүнүн окутуучусу, доцент, доктор Явуз Эржан Гүл баяндамачы катары катышты. Университеттин академиялык кызматкерлери жана студенттери кызыгуу менен катышкан бул иш-чарада жасалма интеллекттин академиялык изилдөөлөрдөгү орду ар тараптуу талкууланды.
Доцент, доктор Гүл өз баяндамасында жасалма интеллектти колдонууга байланышкан негизги этикалык принциптерге токтолуп, маалымат коопсуздугу, академиялык ак ниеттүүлүк, ачык-айкындуулук жана туура булак көрсөтүү сыяктуу маселелерге көңүл бурду. Ал жасалма интеллекттин изилдөөлөрдөгү ролу улам өсүп жатканын белгилеп, бул технологиянын берген жеңилдиктери менен катар этикалык жактан кылдат мамилени талап кылган тараптарына да басым жасады.
Семинарда ошондой эле жасалма интеллекттин маалыматтарды талдоо, адабияттарды карап чыгуу жана мазмун түзүү сыяктуу ар кандай изилдөө процесстериндеги колдонулушуна мисалдар келтирилди.