18-19-май күндөрү өтө турган I Эл аралык түрк дүйнөсү жасалма интеллект жана санариптик трансформация конгрессинин алкагында Кыргыз-Түрк "Манас" университети жасалма интеллект жана санариптик трансформация багытында түрк дүйнөсүнүн алдыңкы окумуштууларын, изилдөөчүлөрүн жана тармак өкүлдөрүн бир аянтчага чогултууга даярданууда. Эл аралык деңгээлде катышуусу жана дисциплиналар аралык мамилеси менен өзгөчөлөнгөн конгресс аймактык академиялык кызматташтыкты тереңдетүүнү жана биргелешкен изилдөө күн тартиптерин түзүүнү максат кылат.
Конгресстин алкагында жасалма интеллекттин коомдук, экономикалык жана маданий таасирлери көп кырдуу көз карашта талкууланып, санариптик трансформация процесстеринин мамлекеттик башкаруу, медиа, саламаттык сактоо, билим берүү жана өнөр жай тармактарына тийгизген таасири заманбап илимий изилдөөлөрдүн негизинде каралат. Программадагы чакырылган баяндамачылардын докладдары, тематикалык сессиялар жана илимий баяндамалар аркылуу катышуучуларга теориялык жана практикалык багыттагы кеңири маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Ректор Алпаслан Жейлан конгресс тууралуу пикирин билдирип жатып, жасалма интеллект жана санариптик трансформация жөн гана технологиялык өнүгүү багыты эмес экенин белгилеп, бул процесстин коомдун ой жүгүртүү формаларын жана өндүрүш мамилелерин кайрадан калыптандырып жатканын айтты. Ал КТМУ бул өзгөрүүнүн жөн гана байкоочусу эмес, активдүү билим өндүрүүчү жана багыт берүүчү институт болууну максат кылып жатканын белгиледи. Ошондой эле конгресс түрк дүйнөсүнүн орток интеллектуалдык потенциалын бириктирген, дисциплиналар аралык кызматташтыкты күчөткөн жана келечектеги санариптик экосистемага карата жалпы көз карашты калыптандырган стратегиялык платформа экенин билдирди.
Бул иш-чара аркылуу КТМУ түрк дүйнөсүндөгү университеттер арасында туруктуу изилдөө тармактарын түзүүнү да көздөйт. Бул жагынан алганда конгресс жаш изилдөөчүлөр үчүн эл аралык деңгээлде таанылуу мүмкүнчүлүгүн түзүп гана тим болбостон, жаңы илимий долбоорлор жана институционалдык кызматташтыктар үчүн да бекем негиз болот.
КТМУ тарабынан алгачкы жолу уюштурулуп жаткан бул конгресс университеттин дүйнөлүк академиялык экосистемадагы ордун бекемдеген жана санариптик доордун трансформациялык динамикасына багыт берген алдыңкы демилгелеринин бири катары өзгөчөлөнөт.