Түрк Кызматташтык жана Координация Агенттигинин (TİKA) ишке ашырган долбоорунун алкагында Түркиядан Кыргызстанга келген студенттердин тобу Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги менен жолугушту.
Ректораттагы жыйындар залында өткөн жолугушууга КТМУнун ректору профессор, доктор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, башкы катчы доцент, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил жана тышкы байланыштар боюнча координатор профессор, доктор Серкан Йылдырым катышты.
Студенттер КТМУ жана университет тарабынан сунушталган академиялык жана маданий мүмкүнчүлүктөр менен жакындан таанышкан программада TİKA менен жүргүзүлүп жаткан иштер, Түркия менен Кыргызстандын билим берүү жана маданий байланыштары, ошондой эле жаштардын эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды келечек муундарга жеткирүүдөгү ролу талкууланды.
Жейлан: “Манас –университеттен да артык”
Студенттер менен баарлашкан КТМУнун ректору профессор, доктор Алпаслан Жейлан КТМУ Түркия менен Кыргызстандын биргелешкен эркинин негизинде түзүлгөн жана эки өлкөнүн ортосундагы бир туугандык байланыштарды билим берүү, илим жана маданият аркылуу келечек муундарга жеткирген өзгөчө жогорку билим берүү мекемеси экенин белгиледи.
Университеттин “Университеттен да артык ” ураанына көңүл бурган Ректор Жейлан: “Манастын мааниси академиялык билим берүүнүн чегинен ашкан түшүнүккө негизделет. Бул – Түркия менен Кыргызстандын орток баалуулуктары, маданияты жана келечек жөнүндөгү көз карашы жаштар аркылуу бириккен университет. Силердин бул жерге келишиңер, Кыргызстан жана Манас менен жакындан таанышыңар биз үчүн абдан маанилүү. Бул жерден алган тажрыйбаңарды жана түзгөн достук мамилелериңерди өлкөңөргө кайтып баргандан кийин башка жаштар менен бөлүшүшүңөр бул байланыштардын мындан ары да бекемделишине салым кошот”, – деди.
“Студенттерибиз менен бекем байланыш түзүүгө өзгөчө маани беребиз”
Университеттеги студенттик жашоо студенттер менен академиялык жана административдик жетекчиликтин ортосунда бекем байланыш түзүлгөн чөйрөнү талап кыларын белгилеген Ректор Жейлан КТМУда студенттердин өздөрүн университеттик коомчулуктун активдүү бөлүгү катары сезишине өзгөчө маани берилерин айтты.
Жейлан жаштар менен түздөн-түз баарлашуу университет маданиятынын маанилүү элементтеринин бири экенин белгилеп, ар кайсы өлкөлөрдөн келген студенттердин башын бириктирген мындай программалар бири-бирин таануу, маданияттар аралык үйрөнүү жана бекем достук мамилелерди өнүктүрүү жагынан маанилүү экенин билдирди.
Ибраев: “TİKA менен кызматташтыгыбыз орток баалуулуктарыбызды бекемдейт”
КТМУнун Биринчи проректору, саясий илимдеринин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев студенттерге университеттин Кыргызстандын жогорку билим берүү системасындагы орду жана Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы академиялык байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу маалымат берди.
КТМУ Кыргызстандын алдыңкы жогорку билим берүү мекемелеринин бири экенин белгилеген Ибраев TİKA менен жүргүзүлүп жаткан кызматташтык билим берүү жана маданият тармактарында маанилүү иштерди ишке ашырууга шарт түзүп жатканын айтты. Ибраев жаштарды бириктирген долбоорлор эки өлкөнүн ортосундагы тарыхый жана маданий жакындыкты жаңы муундар тарабынан таануу жана өнүктүрүү жагынан өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.
Жаштар “Манас” менен жакындан таанышты
Программанын алкагында студенттерге Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин академиялык түзүмү, кампустагы жашоо жана сунушталган мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымат берген таанытуу тасмасы көрсөтүлдү. Андан соң өткөрүлгөн суроо-жооп бөлүгүндө студенттер КТМУдагы билим берүү жана студенттик жашоого байланыштуу кызыккан суроолорун университеттин жетекчилерине түздөн-түз берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.