Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Экономика жана башкаруу факультети студенттердин эл аралык мамилелер жаатындагы билимдерин жана тажрыйбасын тереңдетүүгө багытталган конференция уюштурду.
Конференциянын алдында Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, ошондой эле Швейцариянын Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Муратбек Азымбакиев КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту. Жолугушууга биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев да катышты. Иш сапардын жүрүшүндө КТМУнун билим берүү жана академиялык ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилип, университеттин таанытуу тасмасы көрсөтүлдү.
Жолугушуудан кийин гуманитардык факультеттин Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында геосаясат, геоэкономика, Кыргызстандын эл аралык мамилелердеги орду, ошондой эле өлкөнүн эл аралык имиджин калыптандыруудагы көйгөйлөр жана мүмкүнчүлүктөр сыяктуу темалар талкууланган конференция өттү. Иш-чарага биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев, проректор, PhD, профессор Камалбек Карымшаков, окутуучулар жана студенттер катышышты.
Биринчи проректор Ибраев: «Бүгүн уккан бир эле сөз жашооңузду өзгөртүшү мүмкүн»
Конференциянын ачылышында сөз сүйлөгөн биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев КТМУнун эл аралык деңгээлдеги ордун баса белгилеп, университет студенттерге академиялык билим берүү менен катар, өз тармагындагы тажрыйбалуу адистер менен жолугушуу мүмкүнчүлүгүн да түзүп берерин айтты.
Муратбек Азымбакиевдин дипломатиялык тажрыйбасы студенттер үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин белгилеген Ибраев, айрыкча эл аралык мамилелер багытында билим алгандар үчүн бул тармакта түздөн-түз тажрыйбасы бар адистердин пикирин угуунун маанилүүлүгүнө токтолду.
Студенттерди конференцияга кунт коюп көз салууга жана кызыктырган темалар боюнча суроолорду берүүгө чакырган Ибраев: «Бүгүн Муратбек Азымбакиевдин айткан сөзүнөн шыктанып, жашооңузду өзгөртө турган чечим кабыл алышыңыз мүмкүн», — деди.
Ошондой эле Ибраев Азымбакиевдин “Мосты, а не стены: Записки дипломата. Честно о сложном” (Дубалдар эмес, көпүрөлөр) аттуу китебине токтолуп, анын аталышындагы негизги ойго көңүл бурду. «Биз дубал эмес, көпүрө курушубуз керек. Дубалдар эмне кылат? Ал тоскоолдук жаратат, бөлүп-жарат жана ажыратат. Ал эми көпүрө эмне кылат? Ал бириктирет», — деп белгиледи ал.
Азымбакиев: «Геосаясат менен геоэкономиканы бири-биринен бөлүп карай албайбыз»
Конференцияда сөз сүйлөгөн Муратбек Азымбакиев геосаясат менен геоэкономиканын ортосундагы байланышка токтолуп, азыркы эл аралык мамилелер барган сайын татаал түзүлүшкө айланганын белгиледи.
Азымбакиев геосаясат өлкөнүн географиялык жайгашуусу, коңшулары жана айланасындагы күчтөрдүн тең салмактуулугу менен тыгыз байланышта экенин, ал эми геоэкономика экономикалык жана стратегиялык максаттарга жетүү үчүн соода, инвестиция, транспорт, энергетика, каржы жана технология сыяктуу куралдарды колдонууну камтый турганын айтты. Ал азыркы учурда бул эки тармакты бири-биринен бөлүп кароого болбой турганын белгиледи.
Кыргызстандын Кытай менен чек ара пункттарына, транспорттук каттамдарга жана жаңы транспорттук долбоорлорго байланыштуу мисалдарды келтирүү менен, Азымбакиев экономикалык долбоорлор бир эле учурда коопсуздук жана тышкы саясат маселелерин да камтый аларын баса белгиледи.
«Көп вектордуу тышкы саясат — бул баары менен мамиле түзүү зарылдыгын билдирет»
Кыргызстандын тышкы саясатында коңшу өлкөлөр менен болгон мамилелердин маанилүүлүгүнө токтолгон Азымбакиев, өлкөнүн географиялык жайгашуусун өзгөртүү мүмкүн болбосо да, туура саясат аркылуу аны артыкчылыкка айландырууга болорун билдирди.
Кыргызстандын ар кандай өлкөлөр менен мамилелерин өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Азымбакиев мындай деди: "Көп вектордуу тышкы саясат — бул ар кайсы тарапка тартылуу дегенди билдирбейт. Көп вектордуу саясат — бул баары менен мамиле түзүү зарылдыгын билдирет".
Коңшу өлкөлөр менен ишенимге негизделген мамилелер Кыргызстандын эл аралык позициясын бекемдей турганын айткан Азымбакиев, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык аймактын келечеги үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгиледи.
«Баары өз колубузда»
Азымбакиев өз сөзүндө улуттук өнүгүүдөгү билим берүүнүн, билимдин, туура чечим кабыл алуунун жана адам ресурстарынын маанисине токтолуп, Кыргызстандын табигый жана адам ресурстарын натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи.
Ар кандай өлкөлөрдүн өнүгүү тажрыйбасынан мисалдарды келтирүү менен, Азымбакиев Кыргызстан башка элдердин басып өткөн жолун жөн гана кайталабастан, өзүнүн өзгөчө шарттарына ылайыкталган өнүгүү моделин иштеп чыга аларын айтты.
Өлкөнүн келечегинде жаштардын ойногон маанилүү ролун баса белгилеп, Азымбакиев мындай деди: «Баары өз колубузда». Эмне кыла аларыбыз жана аны кантип ишке ашырарыбыз — баары өзүбүздөн көз каранды. Биз жете албаган эч нерсе жок".
“Ишеним орносо, ийгилик келет."
Эл аралык мамилелерде ишеним чечүүчү фактор экенин баса белгилеген Азымбакиев, өлкөлөр ортосундагы мамилелер саясий жана экономикалык кызыкчылыктар менен гана эмес, ошондой эле өз ара ишенимдин негизинде калыптанаарын айтты.
Кыргызстандын ар кандай мамлекеттер жана эл аралык уюмдар үчүн ишенимдүү өнөктөш болушунун маанилүүлүгүнө токтолуп, Азымбакиев: "Ишеним орносо, ийгилик келет", — деп билдирди.
Сөзүнүн жыйынтыктоочу бөлүгүндө Азымбакиев "Дубалдар эмес, көпүрөлөр" (Мосты а не стены) аттуу китеби тууралуу сөз кылып, анда дипломатиялык тажрыйбасынан тышкары, Кыргызстандын келечеги жана өлкөнү өнүктүрүүдөгү жаш муундун ролу боюнча өз баалоолору камтылганын белгиледи. Ал Кыргызстан эл аралык мамилелерде элдерди бири-биринен алыстаткан эмес, тескерисинче, ар кандай тараптарды жакындаткан өлкө катары иш алып бара алары тууралуу пикирин билдирди.
Конференция студенттер менен болгон суроо-жооп сессиясы менен жыйынтыкталды.