Туризм факультетинин Алматыдагы алдыңкы университеттерде иш сапары


  • 2026-09-17

2026-жылдын 10-сентябрында Туризм факультетинин делегациясы Казакстан Республикасынын Алматы шаарындагы бир катар жогорку окуу жайларга иш сапары менен барып кайтты.

Иш сапардын алкагында факультеттин өкүлдөрү Алматы технологиялык университетинде жана Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинде болуп, аталган окуу жайлардын ишмердүүлүгү, билим берүү процессиндеги инновациялык ыкмалары жана материалдык-техникалык базасы менен таанышты.

Жолугушуулар учурунда жогорку билим берүү тармагындагы заманбап тенденциялар, студенттер үчүн түзүлгөн шарттар, инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу жана окуу процессине жаңы технологияларды киргизүү боюнча пикир алмашуу болду.

Мындан тышкары, тараптардын ортосунда тажрыйба алмашууну кеңейтүү, академиялык байланыштарды чыңдоо жана мындан аркы кызматташтыктын багыттарын өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Иш сапар туризм факультетинин эл аралык байланыштарын бекемдөөгө, алдыңкы тажрыйбаларды үйрөнүүгө жана билим берүү тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган маанилүү кадам болду.

    Социалдык медиада бөлүшүү