2026-04-21


Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн окутуучулары «Халяль» стандарттары боюнча тегерек столго катышты


2026-жылдын 15-апрелинде KTMU Razzakov Университетинин «Көпчүлүктү тамактандыруу» бөлүмү тарабынан уюштурулган «Көпчүлүк тамактануу ишканаларында «Халяль» стандарттарын колдонуу: көйгөйлөр жана келечек» аттуу тегерек столго KTMU Туризм факультетинин Ресторан иши жана кулинардык өнөр бөлүмүнүн окутуучусу Сапаргүл Турдубекова жана Туризм факультетинин деканатынан Чинара Асанкулова катышты.

Жыйында «Халяль-туризм: кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу» темасында баяндама жасалды. Иш-чара Кыргызстандын Халяль индустриясын өнүктүрүү борбору, Кыргызстандарт, Госстандарт жана DUMK (Кыргызстандын дин иштери боюнча башкы башкармалыгынын) Халяль бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Талкууларда халяль индустриясынын ишканаларында «Халяль» стандарттарын колдонуудагы көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору каралды. Халяль индустриясынын өкүлдөрү стандарттарды колдонуу үчүн жетиштүү санда квалификациялуу адистер жок экенин баса белгилешип, тез өсүп жаткан рыноктун муктаждыктарын канааттандыруу максатында «Халяль» стандарттарына байланыштуу сабактарды университеттердин окуу программаларына киргизүүнү сунушташты.