Кыргыз-Түрк “Манас” университети корпоративдик мыктылык концепциясынын алкагында сапатты башкарууда дагы бир ийгиликке жетишти. Түрк стандарттар институтунун (ТSЕ) көзөмөлдөө (сертификат берүү) борборунун башкармалыгы менен биргеликте 2025-жылдын 22-23-апрель күндөрү ректорлуктун жыйындар залында өткөрүлгөн “TS EN ISO 9001:2015 I Көзөмөл аудити жана сапатты башкаруу системасы” окутуусу чоң кызыгуу менен кабыл алынды.
Ачылыш аземине КТМУнун проректору, профессор Режаи Доган, башкы катчы жана сапатты башкаруунун өкүлү, профессор Исмет Алтынташ, сапатты аткаруу кеңешинин төрагасы, профессор Кадир Ардыч, сапат боюнча өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрү жана сапат элчилери катышып, университеттин сапатты көздөгөн багытына болгон берилгендиктерин дагы бир жолу көрсөтүштү.
Сапатты башкаруу жаатында терең билим берген окутуу
Сертификатталган окутуу программасын ТSЕнин сапатты башкаруу системалары боюнча башкы аудитор Жахит Атлы алып барды. Окутуунун жүрүшүндө TS EN ISO 9001:2015 стандартынын негизги принциптери жана практикалык мисалдар катышуучуларга кеңири түшүндүрүлдү. Окутуунун биринчи күнү “Процессти башкаруу”, экинчи күнү “Институттук тобокелдиктерди башкаруу” деген темалары боюнча кенен маалымат берилди.
Катышуучулар окутуу учурунда сапатты башкаруу принциптеринен баштап тобокелдиктерди жана мүмкүнчүлүктөрдү талдоого, тобокелдиктердин упайын эсептөө ыкмаларынан процесстерди оптималдаштырууга чейин көптөгөн практикалык билимдерге ээ болушту.
Көзөмөлдөө аудитинде ката жок
Тренингдерден кийин 2025-жылдын 24-апрелинде TSE өкүлдөрү тарабынан 1-көзөмөлдөө аудити жүргүзүлдү. Академиялык жана административдик түзүмдөрдү камтыган бул текшерүү процесси сапат стандарттарына берилгендиктин жана системалуу башкаруу түшүнүгүнүн күчтүү көрсөткүчү болду.
Жыйынтыктоочу жыйынында сөз сүйлөгөн TSE Сапатты башкаруу системасынын башкы аудиторy Жахит Атлы жүргүзүлгөн аудиттин катасыз аяктаганын жарыялап, Кыргыз-Түрк “Манас” университетин жогорку баалоо менен куттуктады. Бул жыйынтык КТМУнун сапатты башкаруу жаатында көрсөткөн мыкты көрсөткүчүнүн жана чечкиндүүлүгүнүн айкын далили катары бааланды.
Сапат маданиятына берилгендик
Сапатты аткаруу комитетинин төрагасы, профессор Кадир Ардыч сапат өкүлчүлүгүнүн мүчөлөрүнө жана сапат элчилерине ыраазычылык билдирип, университеттин стратегиялык максаттарына ишенимдүү кадамдар менен жетип жатканын баса белгиледи.
Башкы катчы жана сапатты башкаруу өкүлү, профессор Исмет Алынташ да бул процесске салым кошкон бардык бөлүмдөргө ыраазычылык билдирип, төмөнкүдөй билдирүү жасады:
“Бул иштер сапатты жөн гана максат катары эмес, туруктуулукту талап кылган өнүгүүнүн жолу катары кабыл алган башкаруу түшүнүгүбүздүн жемииши болуп саналат. Жогорку окуу жайларынын заманбап талаптарга жооп бере алышы, жөн гана академиялык ийгиликтер менен чектелбестен, ошол эле учурда ачык-айкын, эсепке так жана туруктуу өнүгүүгө ачык башкаруу түзүмүн түзүүсү менен ишке ашат. ISO 9001:2015 Сапатты башкаруу системасы университеттеги бардык процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга, көзөмөлгө алынышын жана туруктуулугун камсыз кылууга өбөлгө түзүүдө. Сапатка багытталган башкаруу түшүнүгү студенттердин канааттануусун жогорулатып гана тим болбостон, кызматкерлердин да мекемеге болгон берилгендигин арттырууда. Бул болсо “Манас” университетинин максат кылган көрөгөч, инновациялык жана эл аралык деңгээлдеги академиялык түзүмүнүн негизин түзүүдө.”
“Манас” университети – сапаттын, ишенимдин жана келечектин аты
Билим берүүдөн башкарууга, аудиттен стратегияга чейин бардык тармактарда мыктылыкты негизги принцип катары кабыл алган КТМУ бул ийгилиги менен келечекти башкарган, ишенимди түптөгөн жана сапаттуу иш алып барган университет экенин дагы бир жолу көрсөттү.