2026-04-28


Ветеринария факультетинин студенттери «Торо» эт комбинатына окуу сапарын жасашты


Кыргызстан-Түркия «Манас» университетинин Ветеринария факультетинин студенттери 2026-жылдын 24-апрелинде Бишкек шаарында жайгашкан «Торо» эт комбинатына окуу максатында сапар жасашты. Иш-чара Доц. Др. Улаш Ажарөз жетекчилиги астында уюштурулуп, студенттер эт комбинатынын түзүлүшү жана иштөө принциптери менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Сапардын жүрүшүндө студенттерге жаныбарлардын бакыбаттуулугу боюнча талаптар, союу алдындагы жана кийинки ветеринардык көзөмөл, эт гигиенасы, азык-түлүк коопсуздугу, HACCP принциптери жана муздак чынжырды башкаруу тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле ишканада эмгектенген ветеринардык дарыгерлер тарабынан тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү.

Студенттер өндүрүш линиясын жеринде байкап, теориялык билимдерин практика менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул иш-чара ветеринардык кесиптин коомдук саламаттыкты сактоо жана азык-түлүк коопсуздугундагы маанилүү ролун дагы бир жолу тастыктады. Сапар университет менен өндүрүш ишканаларынын кызматташтыгын бекемдеп, студенттердин кесиптик өнүгүүсүнө чоң салым кошту.